Menu

ТВЕА компаниясы Тажикстанда алтын чыгаруучу заводдун курулушун бүтүрүүдө

Бөлүшүү:

Айни районундагы алтын иштетүүчү жаңы завод жакын арада ачылат. Ишкана кытайлык «ТВЕА Душанбе тоо-кен өндүрүшү» компаниясына таандык. Ал «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» кендерин иштетет.

Тажикстан Геология башкы башкармалыгы билдиргендей, заводдун ачылышы менен жүздөгөн адистер жумуш менен камсыз болот.

Завод алтын кендерине жакын жайгашкан. Буга чейин чет өлкөлүк компаниялар алтынды кайра иштетүү үчүн сырьену Тажикстандан чыгарып кетип турган. 2015-жылы Эмомали Рахмон баалуу металлдарды өлкөнүн ичинде гана иштеткен компанияларга лицензия берүү чечимин чыгарган.

Макулдашууларга ылайык, ТВЕА компаниясы эки алтын кенин «Душанбе-2» жылуулук электр борорунун курулушуна кеткен чыгымдар акталганга чейин иштетүүгө укуктуу. Бул объектинин жалпы наркы 349 миллион доллар, анын ичинен 17,4 миллион долларын гана тажик өкмөтү көтөргөн.

«Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» кендеринин жалпы аянты 15,4 чарчы чакырымды түзөт. 51.7 тонна алтын бар экени аныкталган, иликтөөлөр боюнча 117,16 тонна алтын болушу мүмкүн.

2018-жылы Тажикстанда 6,4 тонна алтын өндүрүлгөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 17% көп.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: