– Боршайкомдун бир кездеги мүчөсү, шайлоолорго такай аралашып жүргөн адис катары азыркы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?
– «Алыбек алына жараша» дегендей, иштеп жатышат. Жаңы бийликтин тушундагы кылган иштери – өздөрүнө өздөрү берген баа. Менимче, Рузвельт айтса керек эле, «бизнесмендер өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын ойлойт, мамлекетти ойлобойт» деп. Азыркы парламентте да бизнесмендер көп.
– Эмки шайлоодо кайсы партияның шансы канчалык деп ойлойсуз?
– Азыр айтыш кыйын го. КСДП өзүнүн баш-аягын жыйнай албай жатат. Эми алардын мындан аркы убактысынын көбү соттошуу менен өтөт окшоп калды. Ал эми «Ата Мекен» болсо, шайлоого катышканга каржы таба алабы-албайбы, билбейм. Менимче, «Ата Журт» менен «Республиканын» шансы бар.
Мендеги маалымат боюнча, «Республиканы» Чыныбай Турсунбеков алып, өзү каржылап, тизме боюнча биринчи өзү кетет экен. Дагы бир маалыматтан алсак, келаткан шайлоодо Туйгунаалы Абдраимов арбын упай алат…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ