Menu

Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат: “Атамбаевди Текебаев импичмент көтөрүп чыкканда эле камап коюш керек эле”

Бөлүшүү:

– Бейшенбек мырза, 4-чакырылышта депутат болуп, мөөнөт бүткөндөн кийин деле саясатта кээ бир маселелерде үн кошуп койчу элеңиз. Акыркы кездерде такыр эле жок болуп кеттиңиз. Эмне иш кылып жүрөсүз?

– Азыр деле саясатта анча-мынча пикир айтып коюп эле жүрөм. «Азаттык» айрым темалар боюнча талкууга чакырып калат. Көп прессалар «кара тизмеге» киргизип алышкан го, чакырышпайт.

– Негизи, өлкөдөгү азыркы саясый абалга кандай баа бересиз? Сиздин оюңузча, президенттердин тиреши эмне менен бүтчүдөй?

– Эки «абысындын» айтышы туура эмес жакка өнүгүп кетип жатат. Жалпы саясатка, Кыргызстандын авторитетине, эл аралык кадыр-баркына доо кетирмей болушту. Дүйнө жүзүндө бизди сөз кылып, уят болуп атабыз. Бул нерсе бир чети президенттердин жеке адамгерчилик ыйманына байланьшггуу маселе. Антейин десең, мурунку президент таза иштесе, так иштесе, талабаса, тонобосо, атпаса, ичип-жебесе, анан да бийликтен кеткеден кийин өз жашоосунда жашай берсе, ардактуу эс алууда жүрө бермек го… Анан минтип улам бир кылмыштары, айыптары артынан чууруп, өзү да уят болуп, элге-журтка, дүйнөгө уят болуп жатпайбы. Мурункусу жакшы иштеп, кийинкисине аксакал болуп батасын берип турса, өзү да кадырлуу болуп, өлкөбүздүн ынтымагы артып, эл аралык деңгээлде аброй күтмөкпүз. Жок, андай нерсе таптакыр жат болуп калды бизге. Келген эле президент тегерегине жакындарын чогултуп алып, Кыргызстанды талап-тоноп, акырында атып-сатып кача берет. Айыбын ачып, кылмышын далилдеп, камамайынча, акылына киришпейт. Кустуруш керек. Башка жол жок азыркы биздин шартта.

– Атамбаевге бир нече айып тагышты, эмнеге аны камай албай жатышат?

– Булардын баары жеке мамиледен. Ал кишини өзү апкелген. Моралдык жагы ушул. А мыйзамдык жагынан, ооба, туура, эки жыл мурун эле камап койсо болмок. Тээ Текебаев импичмент маселесин көтөрүп чыкканда эле камап салсак, баарынан эң туура болмок. Ошол кезде так учуру эле. Ошондо түндүк-түштүк жолунан да, ТЭЦтен, музейден да акча уурдалбайт эле. Бир кезде аны колдоп-кубатгап, кол чаап турган депутаттар да азыркыдай «чимкирик» атка конуп уят болбойт эле. Саясатчыларга го сөз жок. Келгенде мактап-жактап, кеткенде шыбап, аягы ушундай бүтүп жатканына өздөрү себепкер.

– Жээнбеков Путинге барып жолугуп келгенден кийин Атамбаевди камоо маселесине чекит коюлганы айтылып жатат. Сиз кандай ойлойсуз?

– Кыргызстан – өз алдынча эгемен мамлекет. Өз алдынча мамлекет болгондон кийин өзүбүздүн ички маселелерди өзүбүз чечишибиз керек эле. Бирок, биздикилердин тиштери өтпөй жатат ага. Путин дагы карап көрдү, Орто Азиядагы демократиялык мамлекет болсок, алар деле президенттерибиздин чабышып, кан төгүшүп жатканын каалашпайт да. Путин тынчтык жолун сунуштаган болсо керек.

– Негизи Россия биздин саясый-экономикалык маселелерге кийлигишеби?

– Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, Россияга көз карандылыгыбыз бар. Кичинекей мамлекетпиз. Дөө-шаа өлкөлөр керек болсо дүйнө мамлекеттеринин саясатына кийлигишет. Шайлоолоруна таасир этет. Шайлоо алдында бизге кредиттерди бере коюшкан себеби да ошол. Анын баары бекер эмес да. «Ички ишибиз, эч ким кийлигишпейт» дегенибиз менен иш жүзүндө андай эмес. Экономикалык жактан Россияга чоң көз карандылыгыбыз бар. Бензин, газ, нефти, андан да негизгиси, 1 млн. мигрант аркылуу Россияга колу-бутубуздан байланып калганбыз. Мигранттарыбыз Кыргызстандын тагдырын чечип коёт. Алар келишсе, биз аларга эч нерсе кылып бере албайбыз. Завод-фабрика деген жок бизде, жумуш бере албайбыз, ачкадан кырылышат. Демек, ачкычыбыз Кремлде. Баарын электрлештиргенибизде гана Россиянын «чеңгелинен» чыга алабыз. Бирок, ал убакта Кытайдын капканына түшөбүз.

– Солтон-Сарыдагы абал боюнча эмне айта аласыз?

– Адамзатка, экологияга, мал-жанга зыяны тийе турган кандай гана кен болбосун, тез арада токтотулууга тийиш. Интернеттен Солтон-Сарыны көрдүм. Абалды өкмөт жөнгө салып, бир жаңсыл кылуусу керек.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: