Menu

Түркмөнстан жарым жылдан бери Тажикстанга бараткан жүк унааларын өткөрбөй жатат

Бөлүшүү:

Түркмөнстан жарым жылдан бери Тажикстанга жүк алып бараткан унаалар менен поезддерди өз аймагы аркылуу өткөрбөй жатат.

«Азия-Плюс» сайты кабарлагандай, тажик бийлиги бул көйгөйдү альтернативдүү каттамдарды пайдалануу аркылуу чечүүдө.

«Биз бул маселени эки альтернативдүү каттам менен чечип жатабыз. Алар бир аз узун болгону менен, бүгүнкү күндө ал каттамдар аркылуу жүктөр эч тоскоолдуксуз өтүп жатат», — деди өлкөнүн транспорт министринин орун басары Сухроб Мирзозода.

​Анын айтымында, Тажикстан кыска убакыттын ичинде Азербайжан жана Грузия бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тажик жүк ташуучуларына алардын жолдорун пайдаланууга уруксат алган.

«Биринчи каттам – Өзбекстан аркылуу Казакстандын Актау портуна чейин, андан ары Азербайжанга кетет. Экинчиси – Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Грузиянын аймагынан өтүп, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барат»,— деди министрдин орун басары.

Быйыл февралдын башында Түркмөнстан Тажикстанга жүк алып бараткан автоунаалар менен поезддердин өз аймагы аркылуу өтүүсүнө тыюу салган. Анда ондогон жүк унаалары иран-түркмөн чек арасында тыгында калып, Түркмөнстандын темир жол станцияларында Тажикстандын 108 жүк вагону токтоп калган.

Өткөн жылы сентябрдын ортосунда дагы Ашхабад Тажикстанга бараткан жүк унааларына чектөө киргизип, бул чечимин чек арадагы коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. Анда түркмөн бийлиги чектөөлөрдү бир айдан кийин кайра алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: