Menu

Тагдыр: “Экинчи күйөөмдү дубалатып өзүм оорукчал болуп калдым”

Бөлүшүү:

“Дуба дубана кылат” – деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Биздин бүгүнкү каарманыбыз мурунку күйөөсү менен ажырашкандан кийин, андан өч алыш үчүн экинчи күйөөсүнүн “башын айлантып” тийген экен. Жыйынтыгында кийинки жолдошу таштап кетип, акырында өзү оорукчал болуп калыптыр. Сейденин бул баяны башкаларга сөзсүз сабак болсо керек…

—Бирөөлөргө жамандык кылганымдын азабын эми тартып жатам. Мунун баарына бир гана өзүм күнөөлүүмүн. Өзүм базарда соода кылгандыктан эси-дартымдын баары эле акча болчу. Мурунку күйөөм менен жалаң байлыктын кесепетинен ажырашкам. Ал акыркы убакта да экөөбүз чогуу акча топтоп салган үйдү менден кадимкидей кызгана баштаган эле. Мындай жоругуна бир күнү чыдай албай:

—Сен үйүңдү, же эки балаң менен мени танда, – деп ачык эле айттым.

—Үйдүн сага эмне кереги бар?! Тез арада чыгып кеткиле! – деди күйөөм ызырынып.

Ошентип, бир аз буюмдарымды алып балдарым менен батирге көчүп кеттим. Алгач кыйналып жашап жүрдүм. Акыры туугандарымдын жардамы менен базардан соода кыла турган орун сатып алдым. Ишим илгерилеп, акча көбөйө баштаган учурда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен үч бөлмөлүү батирге ээ болдум. Күйөөмө мурдатан эле кек сактап жүргөндүктөн өзүмөн кичүү, болгондо да бойдок жигитке турмушка чыгууну ойлоно баштадым. Бирок эки балам болгондуктан бул оюм оңой менен ишке ашпасын ойлогондо бир аз кыжалат болдум. Ошондо бул тууралуу курбума айтсам ал болгон кеңешин берип:

—Мен бир гезиттин редакциясын билем. Ал жерде таанышуу бурчу бар. Эгер сага ылайыктуу бирөө чыгып калса, анда “башын айлантып” тийип алсаң деле болот да, – деди мени тамашалап жаткандай түр көрсөтүп.

А мен анын тамашасын түз кабыл алып:

—Чын эле… Каалаган көзү ачыкка барып акчаны көп берсем тез эле бир бечараны мага имерип берсе керек, – деп кадимкидей ниетим бузулду.

—Мен жөн эле айтып койгом. Сен эч качан бирөөнү күч менен бүлө кыла албайсың. Кудайдын астында күнөөкөр болосуң, – деп эскерткен курбумдун сөзүн укпай баягы редакцияга жөнөдүм.

Барсам редакцияда бир жаш кыз менен менден жашы бир аз кичүү жигит бар экен. Тиги кызга келген жайымды түшүндүрсөм колума бир гезит берди. Таанышуу бурчу жайгашкан беттен өзүмө ылайыктуу адамды эч таба албай койдум. Андан соң журналист кызга өзүм тууралуу кыскача маалыматтан тышкары телефонумдун номерин берген соң
үйдү карай бет алдым. Эртеси түштөн кийин телефонум шыңгыраганынан алсам:

—Элиза кандайсыз? Сиз кечээ биздин редакцияга келип кетпедиңиз беле? Мүмкүн болсо жакындан таанышпайлыбы, – деди жагымдуу добуш жаңырып.

—Мейли. Бүгүн кечинде барсам болобу? – дедим толкунданып.

—Албетте. Мен сизди чыдамсыздык менен күтөм…

Ушуну менен экөөбүздүн сөзүбүз бүттү. Кечинде үйгө келип душка бир сыйра чайканып, жакшынакай кийинип алып кайра редакцияга бардым. Медер менден эч тартынбастан эле жакшылап учурашып, ал тургай оозуман акырын өпсө болобу. Чындыгында мунусу мага абдан жакты. Экөөбүз сүйлөшүп олтурганда атайын буттарымды кайчылаштырып алдым. Анын мага аябай кызыгып жатканын байкадым. Анткени мен келбети келишкен сулуу жан элем. Ал өзү тууралуу мага болгонун жашырбай ачык айтып берди. Сизден сенге өткөн кезде сөзүбүздүн темасы интимдик мамилеге бурулганда экөөбүз тең күлүп жибердик. Буга чейин үйлөнбөгөндүктөн ал деле араң жүрсө керек. Жайына койсом мени ошол эле жерден баса калчудай сезилип жатты. А мен жаман оюмда эптеп аны торума түшүрүп, мурунку күйөөмдүн ичин күйгүзүүнү ойлоно баштадым.

—Сага эмне болду жаным? – деген кулакка жагымдуу сөздү укканда чочуп кеттим.

Медердин бул сөзү мага аябай жаккандыктан күлүмсүрөп:.

—Сага турмушка чыгып жатканымды элестетип кыялга батып кеткен турбаймынбы, – дедим деги эле билмексен болуп.

—Койчу. Кантип эле? – деп мага ишенбегенсип Медер компьютерин өчүрүп, ордунан туруп кеткенге камдана баштады.

Ал мени үйүмө чейин узатып койду. Жолдо баратканда өзүнүн макулдугу менен соткама сүрөткө тартып алдым. Бечара саналуу күндөрдөн кийин менин эрким менен болорун кайдан билсин? Мен анын сүрөтүн бир көзү ачык аялга алып барып көрсөтүп, ага чоң суммадагы акча берип окута баштадым. Жыйынтыгы үч күндөн кийин эле билингендиктен Медер мага тынымсыз телефон чалып, бирөөлөрдөң кадимкидей кызганганын билгенимде дубанын күчүнө таң калдым. Ал мага эки балама карабай туруп үйлөнөрүн айтканда, ичимден сүйүнүп турсам да, сыртыман сыр алдырган жокмун. Бирок кээде үйүмө балдарым уктап калгандан кийин “конокко” чакырып жүрдүм. Учуру келгенде ал мага үйлөнүп тынды. Дубанын күчү менен ал менин айтканым менен болуп жатты. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” – демекчи, ал бир жылдан кийин мени таштап үйдөн чыгып кетти. Ошондо мени ашата сөгүп “акыры мунун азабын өзүң тартасың” деп баса белгиледи. Угушума караганда түшүнүксүз оору менен ооруп, аз жерден майып болуп кала жаздаптыр. А мен кайтартма дубанын таасири өзүмө катуу тийгендиктен оорукчал болуп калдым. Мурунку күйөөмөн кабар алсам, ал байлыктын күчү менен жаш кызга үйлөнүп алыптыр. Акчага көпкөңдүктүн айынын ал ошондой ишке барса, а мен бирөөнү күч менен күйөө кылам деп жүрүп ушундай тагдырга туш болдум. Акырында кыз-келиндерден суранарым, көзү ачыкка барып эч качан бирөөнүн башын айлантпагыла. Мунун кесепети айланып келип өз башыңарга тийет. Кудайдын каарынан корккула!

Нурпери Исабекова

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: