Menu

Кореянын Премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынты боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бөлүшүү:

Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кол коюлган документтер:

–  2016-жылдын 11-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол;

–  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Деңиз институтунун ортосундагы меморандум;

–  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин улуттук дипломатиялык академиясынын ортосундагы меморандум;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга парафирленген макулдашуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: