Menu

Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы бир чакыруу жиберди. Бул тууралуу мурдагы президенттин тарапташтары билдиришти. Ушуну менен Атамбаев үчүнчү жолу суракка чакырылып жатат.

Маалыматка караганда, чакырууну милиция кызматкерлери 18-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирип берген. Анда Атамбаев күбө катары 19-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.

Биринчи чакыруу 8-июлда берилип, ал кезде Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн алдында чогулуп турган тарапкерлери менен жолугушууга чыккан учурда суракка барбай турганын айткан. Экинчиси 10-июлда берилген. Анда да мурдагы мамлекет башчы ИИМге суракка барган эмес. Атамбаевдин юридикалык өкүлү Сергей Слесарев “Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин, ошол себептүү суракка барбай жатканын” белгилеп ИИМге кат жөнөткөн.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат. Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун көрсөтмөсүнө таянып Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери муну ага көө жабуу аракети катары сыпатташкан. Анын ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы үйүндө топтолуп турушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: