Menu

Үмүттү өчүргөн “үлпүлдөк сулуу” Жанат Бейшенов

Бөлүшүү:

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов деген «майкөчүктү» жогору жактагылар изги тилек, илгерки үмүт менен жерге-сууга тийгизбей мактап-жактап жатып кызматка алып келишкен эле, бирок бул шүдүңгүт бүткүл элдин ишенимин сындырып, бийликтин үмүтүн актай алган жок. Жол жана транспорт тармагында кыпындай дагы түшүнүгү жоктугунун айынан иштин ийнедей көзүн да өздөштүрө албады. Анысы аз келгенсип, буга чейинки бекитилген иш-пландарды да аткара албай артка кетирди. Маселен, жаңы жолдордун курулушун мындай кой, иши ортолоп калган Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу сындуу негизги иштер кадимкидей аксап калды. Ал эми Кара-Балта-Бишкек унаа жолун оңдоо иштери ташбака кейпин кийип, жүргүнчүлөргө өтө жаман ыңгайсыздыкты жаратууда. Министр катары жасалып жаткан жолдордун четине басып барып, ишти текшергенге жарабады. «Үлпүлдөк сулуучасынан» эле созолонуп иш бөлмөсүнөн чыкпай олтурат, көшөгөдөн чыга элек жаңы келиндин образында…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: