Menu

Алмаз Шаршенович, баа-баркы бийик Бакайды чыккынчы кылууга чыныгы кыргыздын дити барбайт…

Бөлүшүү:

2011-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын президенти  болгон Алмазбек Атамбаев президеттиктен кеткенден кийин дагы Кыргызстанды башкара берем деген тилегине жетпей калгандан соң азыркы ажого таарынып Кой-Таштагы 2 гектар хансарайында тынч жата албай атадан калган акыл мураска кайрадан тиш салып,
кадимки Бакай бабабызды Манаска кыянаттык кылган саткын, ууру катары сыпаттаптыр.

Тагыраак айтсак, мазмуну менен маанисине түшүнбөгөн Атамбаев адатынча ата мурасына кашынып: «Манас жарадар болуп бийликтен кеткенде баары сатат, Каныкей Бакай атага барса: «Каныкей сага айран уурдап берейин» деп ал да качат» дептир. Бул таза кандуу кыргыздын айта турган сөзү эмес.

Манас дүйнөсүндө Бакайдын орду өтө чоң. Бакай кыргыздын туткасы, акылдын кени катары саналат. Бүт баарын тең салмакта кармап, Манаска гана эмес, Семетей менен Сейтекке дагы өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп колдоп келген. Бакай атанын: «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет» деген мыкты сөзү бар. Азыр да үлгүлүү карыны, акылман аксакалды Бакайга салыштырып айтат. Ал эми Бакай атанын калпагы бүгүнкү күнгө чейин сакталып, таберик болуп бизге жетти. Демек, Бакай Манасты сатып кетти же чыккынчылык кылды деген сөздү акылы бар киши айтпайт.

Эсиңиздерде болсо керек, Атамбаев бийликте турган учурунда дагы Манас туурасында бир нече ирет акылга сыйбаган сөздөрдү сүйлөп, Чубакты чыккынчы кылып, Таластыктарды Абыке менен Көбөштүн тукумдарына салыштырган. Мен ошондо бир нече материал жазгам, алар Алмазбек Шаршеновичке жаккан эмес, кийин динчилдердин нааразычылыгынан пайдаланып анын өчүн алды. Ал ишке Абдил Сегизбаев өзгөчө салымын кошкон, убагы келгенде баары ачыкка чыгат. Азыр 2012-жылы, 23-февралда «Учур» газетасына жазган «Айкөл Манас атабыз кулаалы таптап, курама жыйнабаптыр!» деген макаламды сунуш кылабыз.

Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө байланыштуу куттуктоо сөзү:

«..ар качан Манас сыңары баатырлар бактыбызга туруп, бириндеген элди бириктирип, кыргызды сактап келген. Ошондуктан, Айкөл Манас бабабыздын: «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген создөрү азыр да ташка тамгабаскандай жаңырат…»

17 деқабря 2010 года, кандидат в премьер-министры страны А.Атамбаев выступил перед депутатами парламента:

«…Кыргызов, которые не потерялись, не исчезли в течение тысячелетий, никто не сможет разделить и раздробить. Как сказал наш предок Манас-великодушный:

Кулаалы таптап куш кылдым,

Курама жыйып журт кылдым…»

Президенттик шайлоо платформасынан:

Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстандын биримдигин сактап калуу керек»

«Чын эле азыр Кыргызстан жаңыдан төрөлгөн бир ымыркайга окшоп турат. Өлкөбүздүн бутуна турушу элдин колунда. Ынтымакты, биримдикти сактап калсак, баарын жеңген болобуз. Эмнеге чечим алып, Манас атанын эстелигин коюп атабыз. Эстеликтин алдына негизги осуяты жазылат: «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деп. Биз – курама журтпуз. «Кыргыз» деген «кырк кыз» эмес, «кыркууз», «кыркэл» деген сөз. Манас атабыз бир топ элди бириктирген…»

«Апрель» революциясынан бери карай кыргыздардын түпкүлүктүүлүгүнө күмөн туудурган түшүнүктөгү «курама элбиз» деген сөз мамлекеттик масштабдагы жыйындарда көп кайталанып, кандаштарыбыздын кайдыгерлигин жарата турган сөз мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп, атургай учурдагы идеологиянын өзөгү катары таңууланып жатканына жалпы коомчулук күбө. Өкүнүчтүүсү, ошол мамлекеттик деңгээлде айтылып жаткан «курамабыз» деген сөз миңдеген мекендештерибиздин көңүлүн чөктүрүп, кабатыр кылып жатканын эч кимибиз тана албайбыз. Кыргыздын уулу катары мен дагы бул сөздү уккан сайын улуттук намысым ойгонуп, элибиздин тектүүлүгүнө шек келип жатканын сезип жүрдүм. Бирок, «курама элбиз» дегенди Айкөл Манас бабабыз «айтты» дегенинен улам, бугумду сыртка чыгара албай, «тилимди тишиме» катып жүрүүгө туура келди. Тилекке каршы, улуттук аң-сезимге жик сала турчу ошол «сөз» токтоп калбай, улам кайталанып, акыры Ала-Тоо аянтын дагы Айкөл Манас айкелинин алдына бадырайып жазылды. Бийлик билермандары мунусу менен айтылып келген нерсени толук бекемдешип, «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген сөздү Манас атабыз айтканын иш жүзүндө тастыкташты. Азыр жалпы кыргыз эли, өлкө жарандары жана дүйнөлүк коомчулук Айкөл Манас ата-деп кабыл алышууда. Бирок, урматтуу замандаштар, улуу манасчыларыбыз С.Орозбаков («Хан Теңир» басмаканасы) менен С.Каралаевдин («Турар» басмаканасы) айтуусу боюнча, 2010-жылы толукталып чыгарылган Манас баянын кайрадан окуп чыгып, таң кала турган жагдайларга туш болдум. Кызыгы, Манас атабыз айтпаган нерсени «айтты» дегендердин жоругуна таң калдым. Көрсө, Айкөл Манас атабыз «кулаалы таптап», «курама жыйнап» деп эч кайсы жерде айтпаптыр. Анда сиздерге тушүнүктүү жана жеткиликтүү болушу үчүн, жогоруда
айтылган «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген сөз Манас баянынын кайсы жеринде, кандай болуп өзгөрүп, кимдер тарабынан айтылганына токтолоюн. Ага көз жүгүртүп көрүңүздөр:

Жети-Өзөндөй кайран жер

Эби менен жер кылып,

Азган-тозгон кыргызды

Эптеп жүрүп эл кылып,

Кулаалы багып куш кылып,

Курама жыйып журт кылып,

Тели куш багып куш кылып,

Тентиген элди жыйып журт кылып,

Катагандын кан Кошой,

Коргонун таштан салды – дейт. (167-6.)

Кары абаң Кошой кайгырып,

Кайран элден айрылып,

Ашып-шашып жакалап,

Кас буудандын барысын

Кайра баштан такалап,

Будурду тиктеп, белди издеп,

Бууданым, сендей шерди издеп,

Шер табалбай айла жок,

Чеч-Төбө күтүп жер кылдым,

Мен тентиген жыйып, эл кылдым!

Кулаалы таптап куш кылдым,

Курама жыйып журт кылдым!

(180-б)

Эки-Кемин жайлаган,

Эгиз кара ат байлаган,

Күздүк күрүч ай даган,

Күрмөгүн берип байлаган,

Кара тилин кайраган, .

Кан алдында сайраган,

Курама жыйып журт кылган,

Эйбит кандын эр Үрбү

Ошол тойго да келип. (548-6.)

Эки-Кемин жерлеген

Эгиз кара ат байлагаг

Күрүчүн күздүк айдаган

Күрмөгүн берип байлаган

Кан алдындасайраган,

Курама жыйып журт кылган,

Эйбит кандын эр Үрбү

Ошол тойго да келип. (548-6.)

Чоң-Алайды жердеген,

Чочубаган эр деген,

Кулаалы таптап куш кыдган,

Курама жыйып журт кылган,

Теликуш багып куш кылган,

Тентигенди журт кылган,

Алтайда даткан Шыгай хан

А да жүрдүжол менен,

Санаты санча кол менен. (561-6.)

Эки-Кемин жердеген,

Эгиз кара ат байлаган,

Күрүчүн күздүк айдаган,

Күрмөгүн берип байлаган,

Кара үңкүрүн үй эткен,

Кулаалы таптап куш кылган,

Куюкканды журт кылган,

Телик куш таптап куш кылган,

Тентиген жыйып журт кылган,

Жарды жүрүп байыган,

Жалгыз жүрүп көбөйгөн,

Эйбиттин уулу эр Үрбү,

Астында Үрбү алкынып,

Астынан сан кол талпынып,

А да жүргөн жол менен,

Канча калың кол менен. (739-6.)

Кулаалы таптап куш кылган,

Курама жыйнап журт кылган,

Жалгыз жүрүп көбөйгөн,

Жарды жүрүп байыган,

Кум жыйналып, таш болгон,

Куралган журтка баш болгон,

Эйбит кандын эр Үрбү

Артык чечен жан болгон,

Ажыбай менен барсын, – деп,

Жан жолдошу ал болгон. (769-6.)

(Манас керээзинде:)

Өзүм касиеттүү жан болдум,

Жер жүзүнө кырк эки жыл кан болдум.

Ат семирип ык болдум,

Жалгыз элем кырк болдум,

Кулаалы жыйып куш кылдым,

Кулдарды жыйып журт кылдым.

Алтын жыйып таш кылдым,

Ушу турган калкка

Тентиген журтту баш кылдым.

Калмак болдум башында,

Өтмөк болдум көрдүңбү,

Элүү эки жашымда. (960-6).

Мынакей мекендешим, өзүңүз күбө болгондой, бизге белгилүү болгон «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген сөз улуу баяндын ар кайсы жеринде ар башка мааниде кайталанып, түркүн түшүнүк жаратып, бир нече баатырга шилтеме жасалып айтылат экен. Дегеним, Манас баатырга чейин эле ал сөздү Акбалта Кошойго карата айтса, Кошой өзү, да аны бир жолу бекемдептир. Андан кийин эки баатырга, Шыгайга, Үрбүгө айтылыптыр. Кызыгы, мына ушунча баатырга багытталып, Айкөл Манас айтканга чейин башка каармандардын оозунан чыккан сөздү жеке бирөөгө, тагыраак айтканда, хан Манаска гана ыйгарганыбыз туура болобу? Бул биринчиси. Экинчиси, Манас атабыз «кулаалы таптап.., курама жыйып..,» дебептир. Ал бир гана жолу, керээзинде: «Кулаалы жыйып куш кылдым, Кулдарды жыйып журт кылдым» дептир. Айкөлдүн айтканы «курама» дегенге салыштырганда ынанымдуу экен. Дегеним, ар кайда учуп жүргөн кулаалыны жыйнасаң, куш болот. Анткени, аны таптагандан майнап чыкпасын барыбыз билебиз. Ток этерин айтканда, Манас атабыз биз айтып жаткандай кулаалыны таптабай, аны жыйнаптыр. Бул логикага туура келет.

Ал эми эл чабылып, чачылган кезде туткунга түшүп, кул болуп кеткен кыргызды чогултсаң журт болот. Ошол мезгилде кытайлар кыргызды чаап, бирин Иренге, анан Тереңге, Алтайга жана Каңгайга кууганда, кыргыздын эр азаматтары кул болуп кеткенин тана албайбыз. Бөтөн жакка куулуп же колго түшүп, кул болгондор (курамалар эмес) – кыргыздар. Демек, Айкөл Манас ар кайсы элден курама жыйнабастан, кул болгон кыргызды чогултуп журт кылыптыр. Маселен, бүгүн дагы ар кайда чачылган кыргыздын бир нечеси – кул. Аларды Манастай болгон баатырыбыз жыйнаса журт болот. Албетте, кул деген сөздү бир жагынан карасак, орой угулушу ыктымал. Бирок, аны жумшартабыз деп, ар кимибиз каалагандай бурмалаганга акыбыз жок да. Негизи, Айкөл Манастын алтындай болгон сөздөрү толуп жатканына карабай, замандаштарыбызды санаага салган, түпөйүл ойлорго түрткөн «курама» деген сөздү ким жабыштырганы жалпыбызга түшүнүксүз. Жок эле дегенде, Манас атабыздын азыркы мезгилдин талабына шайкеш келген «бөлүнбө кыргыз бөлүнбө» деген сөзүн борбордук аянттагы айкелдин алдына жазып койгондо, элибиздин биригишине, журтубуздун жуурулушуна сөзсүз өбөлгө түзүлмөк. Эч ким ага нааразы да болмок эмес.

Кадырман калайык, бул айтылгандарды туура же туура эмес деп кабыл алуу өзүңүздөрдүн эркиңиздерде. Менин таңуулаганга, мажбурлаганга акым жок. Болгону, Манас баянында кантип жазылса, ошону дал өзүндөй айтып бергенге аракеттендим. Чечим чыгаруу өзүңүздөрдөн болсун! Албетте, азыркыдай башаламан заманда, белгисиз күчтөр кыргызды тымызын талкалап жаткан доордо, буга анчейин көңүл бөлүнбөй, айтылган боюнча кала бериши мүмкүн. «Курама элбиз» дегенге баш ийип, өзөгүбүздү кууратканга макул болуп, баш көтөрбөй чөгөлөп жашай беришибиз да ыктымал. Бирок, бир нерсе мени кейитет.«Демократия» деп отуруп, далай асыл нерселерибизди, баалуулуктарыбызды жоготтук. Каада-салт, үрп-адат, адеп-ыйман дегендин далайынан кол жуудук. Эми биз аздектей турган Манастын сөздөрүн ар кимибиз өзүбүз каалагандай бурмалап, жүргүзгөн саясатыбызга ылайыктай берсек, биз туу туткан, дүйнө жүзүнө сыймыктанган Манасыбыз эмне болот!?

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: