Menu

Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыздары кайда окушат?

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыздары азыркы тапта ЖОЖдордо билим алышат. Улуу кызы Ажар Дүйшекеева БААУда б.а АУЦАда билим алат. Бул окуу жайда келишимдин баасы 6 миң доллардын тегерегинде. Бирок кээ бир студенттерге арзандатуу каралган. Ал эми экинчи кызы Саадат Калифорниянын Diablo Valley колледжинде билим алат. Маалыматтарга караганда аталган колледжде окуу акысы бир жылга 23 миң доллардын тегерегин чапчыйт.

Премьер-министрдин уулу Абир болсо «Ала-Тоо» эл аралык университетинде окуйт. Окуу жайдын окуу акысы 650 доллардан 2,7 миң долларга чейин жетет. Ошого карабастан официалдуу маалыматтарга караганда премьер-министрдин кирешеси андай деле көп эмес. 2017-жылдагы декларация боюнча ал 2 млн 367 миң сом киреше тапкан. Жакындарына дагы эч кандай ири фирмалар катталган эмес.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: