Menu

Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер: “Атамбаев маселесин Россияны аралаштырбай, эгемендүү өлкө катары өзүбүз чечели”

Бөлүшүү:

– Президентибиз Сооронбай Шариповичтин Европага барып, кайра кайтканда Москвага кайрыла келгендиги жөнүндө коомчулукта маалымат бар. Ал көбүнесе ошол Россия тараптын өтүнүчү менен болгондугу деле Путиндин сөзүндө көрүнүп турат. Бирок, менимче бул жерде бир канча факторлор болду окшойт. Биринчиден, Россия Кыргызстанды өзүнүн таасиринде кармап турууга, мындайча айтканда мурдагы союздун аймагында КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты кармап туруу кызыкчылыгы Россияда күчтүү. Андай зарылчылык бизде деле бар, анткени ал эки тарапка тең керек. Экинчиден, экс-президенттерди жоопко тартуу деген КМШ өлкөлөрүндө азырынча практикада жок. Бирок, ушул инцидент КМШ өлкөлөрүндө да жайылып кетүү коркунучу болбосун деген ниетте Путин болобу, Назарбаев болобу, айтор КМШ өлкөлөрүн көп жылдан бери башкарып келе жаткан президенттерге мындай жоруктун кереги жок. Ошондон улам дагы ушул жолугушуу болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, Атамбаев же анын командасы тарабынан да атайын демилгелениши мүмкүн. Жээнбековго кантип таасир этиш керек деген маселени Россия аркылуу, ал жактагы өзүнүн каналдары аркылуу ишке ашыруунун амалын ойлоп жаткан чыгар. Эми кандай болгон күндө да бул ички маселе. Кыргызстандын ички маселесине башка мамлекеттердин кийлигишүүсүнө жол бербешибиз зарыл. Эмне маселе болсо дагы Кыргызстан эгемендүү өлкө катары ички маселесин өзү чечиши керек. Ал эми жогорудагы Атамбаев маселесин чечүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, мыйзамдуу жол. Эгер, Атамбаевдин күнөөсү жок болсо, сотко барып, тергөөгө жооп берип, тийиштүү документтерин көрсөтүп, актыгын далилдөө менен абалдан чыгып кетиши керек. Экинчиси, эгер күнөөсү болсо мыйзам алдында жооп берүү зарылчылыгы бар. Ал эми салттуу жолу, мындай кырдаалда аттуу-баштуу аксакалдарга мурунку президент азыркы сотторго ишеним артпай турганын билдирип, кыргыз салтына ылайык, кырдаалга калыс, адилеттүү баа берип коюусун өтүнүп, аксакалдарга кайрылышы керек. Ал тээ тиги Россиянын президентине кайрылбай, элибиздин аттуу-баштуу аксакалдарына кайрылса жакшы болмок. Жыйынтыктап айтканда, өлкөбүздө эмне маселе болсо да аны чет элдин таразасына салбай, өздөрү чечкенге аракет кылышы керек.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: