Menu

6 жыл өлкөнү башкарган адам “старший брат” издейби же Атамбаев кандай максат менен чет өлкөгө чыкканы жатат?

Бөлүшүү:

ММКларда Алмазбек Атамбаев Москвага чакырылды деген маалымат чыгары менен коомчулук удургуй кулагын түрүп, «чакырганы чын бекен, ким чакырды экен» дегендей суроолор менен бүшүркөп, чын-бышыгын билгенге аракеттенүүдө. Калайык журттун ишенбей жатышында дагы чындыгында мандем бар, таратылган маалымат пиар болуп чыгышы да мүмкүн. Анткени, Атамбаев боюнча Кремлдин оюн барыбыз уктук, Жогорку Кеңеш «экс» статусунан ажыраткан күнү Путиндин маалымат катчысы Песков «Кыргызстандын ички ишине кийлигишпейбиз» деп расмий түрдө кол шилтеген. Демек, ал жактан таасирдүү кишилердин чакыруусу күмөн.

Асыресе, Атамбаев Москвада ишенимдүү кишилери бардыгын, алар менен бүгүнкү күнгө чейин байланышып келе жаткандыгын айтып мактанып, ооз көптүрүп жүргөнү маалым. Бирок, анысы чындыкка коошпой калды, эгер болсо, азыркы оор күндө алардын кыймыл аракети билинмек. Мына ушундай жагдай шарттан улам Атамбаев «Москвадан чакыруу» деген маалыматты таратып, өлкөнүн сыртынан колдоо тапканга аракеттенүүдө деп болжогондор бар, бул чындыкка жакындайт. Өлкөнүн ичинен колдоо таппаган соң, эми чет жактан калканыч издөөгө жан үрөп жаткан болушу ыктымал. Таң каласың, 6 жыл бүтүндөй бир мамлекетти башкарган адам айыбы ачылаарда «старший брат» издеп жүрөбү? Аны кимдер коргошу мүмкүн?

Аталган маалымат Сооронбай Жээнбековдун Швейцариядан келе жатып Россия жетекчиси Путин менен болгон жолугушуусун ушул саясаттын өзөгүнө байлагандар да чыкты. Эки өлкөнүн башчылары Атамбаев тууралуу сүйлөштү деген сөздөрдү дагы таратып, коомго манипуляция жасаганга жан үрөштү. Талдоочулардын көпчүлүгү Жээнбеков менен Путин экс-президенттин тагдырын сүйлөшүшү мүмкүн эмес деген тыянакты айтышты. Мамлекеттер ортосунда сүйлөшө турган сөздөрү көп, бардыгына тил тийгизген Атамбаевдин эртеңи кызыктырбайт дешти.

Ал арада Атамбаев өлкөдөн кетпейм, эгер зарылчылык болсо эки-үч күнгө гана чыгышым ыктымал деген пикирин билдирди. Бул жерде экс-президент өзүн өзү капаска тыгып алганы ачылып калды. Атамбаев өлкөдөн чыгып кеткенге эки көзү төрт, бирок аэропортко жетиш тозок болуп турат. Өз көлөкөсүнөн өзү коркуп, үйүнөн алыстай албай жатыр. Аргасын тапса чыгат, бирок артка кайрылып келиши күмөн. Эгер келсе Текебаев өңдүү аэропорттон камалат. Айылдаштары арачалап кала албайт. Айтор, Атамбаевге азыр «кайсы жакка барба Мамайдын төрү» деген макал куп гана жарашып турат.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: