Menu

Жапонияда аниме-студияда чыккан өрттөн ондогон кишилер өлдү

Бөлүшүү:

Жапониянын Киото шаарындагы “Kyoto Animation” студиясында чыккан өрттөн кеминде 20 киши өлдү. Шаардык өрткө каршы кызматы ооруканага бери дегенде 36 адам күйүк менен түшкөнүн маалымдады.

Окуя 18-июлда эртең менен болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, 41 жаштагы жаран имараттын ичине бензин куюп, өрттөп жиберген. Бул тууралуу ал колго түшкөндөн соң айтып берген. Шектүү да ооруканага жаткырылды.

Ал эмне себептен мындай кадамга барганы али белгисиз. Полиция өрт болгон жерден бычактардын топтомун тапты. Бирок ал шектүүгө таандыкпы же жокпу, тактала элек.

Өрттөлгөн “Kyoto Animation” студиясы 1981-жылы ачылган. Сериалдарды жана көркөм фильмдерди чыгарат. Студиянын эмгектеринин арасында «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад», «K-On!» тасмалары бар. Компаниянын башкы кеңсеси Киотодо жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: