Өмүрбек Бабановдун улуу кызы Айпери 2013-жылдан бери Лондондо окуйт. Ал өз баракчасына Вrоmsgrоvе Sсһооl деген престиждүү жеке менчик мектеп-пансионунда окугандыгын жазган. Кийин билимин Конкорд Колледж мектеп-пансионунда уланткан. Азыр ал Саss Вusiness Sсһооlда окуйт. Айпери Бабанова «Азия Молл» соода үйүндө жана “Кыргызстан” банкында тажрыйба өтөгөн. Ал эми Нурэмир Бабанов былтыр №61 мектепти аяктап, АКШдагы түндүк-батыш университетине тапшырган. Иллинойс штатындагы окуу жай эң престиждүү университет катары саналат жана жылына окуунун төлөмү 28 миң долларды түзөт.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ