Menu

Министр Кашкар Жунушалиев «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди

Бөлүшүү:

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «ар-намысыма шек келтирди» деген негизде «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди. Буга «аталган гезитте жарык көргөн айрым маалыматтардын чындыкка дал келбегени жана гезит бетиндеги коллаж себеп болгонун» адвокат Динара Аширалиева билдирди.

Ал министрликтеги кадр маселелери боюнча жазылган маалымат да арыз берүүгө негиз болгонун кошумчалады.

Октябрь райондук соту буга байланыштуу ишти бүгүн, 19-июлда карап, макала-сүрөттөр боюнча гезиттин тиешелүү кызматкерлери дагы түшүндүрмө берсин деген негизде кийинки отурумду 1-августка белгиледи. Арыз бир ай мурда берилген. Жунушалиев аталган гезиттен 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

“Фотоколлаж жана чындыкка жатпаган маалыматты камтыган макалалар боюнча 5 млн. сомдук доо коюлуп жатат. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамы боюнча элге таратылган маалымат үчүн редактордун жоопкерчилиги каралган. Максат 5 млн. сомдо эмес. Журналисттер кесиптик ыйгарым укуктарын аткарып жатканда мыйзамды, этиканы сактап, фактыны текшерип, анан чыгарыш керек. Бул этика жана мыйзамдын талабы”, – деди адвокат Динара Ашыралиева.

Гезиттин редактору Аслан Сартбаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров да ушундай эле негизде “Азия-Ньюс” гезитинин сотко берип, кийин кайра доосунан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: