Өлкөдө аккредитациядан өтпөгөн чет өлкөлүк ММКларда жарыяланган маалыматтарга эреже боюннча комментарий берилбейт. Бул тууралуу Өзбекстан ИИМи билдирди.
Министрлик онлайн маалыматка суроо-талап өскөнүн жана айрым сайттар, интернет-колдонуучулар, блогерлер муну өз кызыкчылыгына колдонуп, социалдык түйүндөр аркылуу такталбаган, жалган жана бир тараптуу маалыматтарды таратып жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи.
Өзбекстан ИИМи бардык маалыматтарды расмий булактардан алуу сунушун берди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ