Menu

Алмазбек Атамбаевдин мындан аркы тагдыры боюнча 3 сценарий

Бөлүшүү:

2011-жылы 29-сентябрда Алмазбек Атамбаев президент катары алгачкы пресс-конференциясын уюштурган учурда өзү: «Эгер коррупционер болсо Кыргызстанда президент дагы түрмөдө отуруш керек» деп жарыялаган. Андан 8 жыл өтпөй экс-президент, тагыраагы, мурдагы президент Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан кол тийбестик статусунан ажырап, коррупция беренеси боюнча темир торго кирүү коркунучу чулгады. Бирок, сот адилеттигинин алдыга туруп, жок дегенде суракка келүүгө Алмазбек Шаршенович ша-шылган жок. Бы-шыктап айтканда, үйүнөн карыш чыкпай, эч кайда барбай турганын ачык жарыялоодо. Арийне, күбө катары чакыруу кагазын ИИМ кызматкерлери Кой-Ташка эки ирет жеткирди. Эми мындан аркы иш мажбурлоо менен уланат. Эгер бийлик бул жолду тандаса, биз Атамбаевге карата күч колдонуу сценарийи иш жүзүнө кантип ашарын көрөбүз.

№1 Сценарий: Күч менен
Эгер Алмазбек Атамбаев мындан ары дагы какайган бойдон тура берсе, анда күч түзүмдөрү күжүрмөн «Кошой чалды» суракка колун бурап келгенге аргасыз болот. Бул кантип ишке ашарын элестетүү үчүн ютубда турган 2010-жылы 7-апрелдеги Атамбаевди камоо учурундагы видеону көрсөк жетиштүү болот. Ошол учурла биздин «баатыр» УКМКдагы «Альфанын» командири Алмаз Жолдошалиевди кемсинтүү менен абийирге чакырып, жердеги-асмандагы күчтөр менен коркуткан. Баса, Алмазбек Шаршенович сөзүнө туруп, төңкөрүштөн кийин Жолдошалиевди Ала-Тоо аянтындагы элдин өлүмүнө байлап түрмөгө отургузду. Демек, бул ирет Атамбаевдин хансарайын чабуул жасоо оңой болбойт. 7-апрелге чейин Алмазбек Атамбаев алда канча жупуну жашаган. Азыркы шарты такыр башка. Президенттик учурунда бийик чеп тургузуп, катар-катар кароол койгон, ичине кириш үчүн бир топ аракеттенүү зарыл болот. Азыр Кой-Таш тынч. Ал эми «Элдик штабы» жомоктогу персонаж сыңары иш жүзүндө өлүк, айылдаштары «тирүү щит» катары эшигинин алдына туруп береринен күч түзүмдөрү шектенбей деле койсо болот. Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн коргонуусу бир нече факторго көз каранды, эң биринчиси психикалык-эмоционалдык абалына жараша болот. Кандай болгон күндө да тобокелдикке барышы кыйын.

№2 Сценарий: Шылдың
Алмазбек Атамбаев үчүн өзгөчө мамиле жасалып, Мухаммед тоого келбесе, тоо Мухаммедге келиптир деген принцип менен тергөөчүлөр өздөрү мурдагы ажонун туулган «уясына» барышы мүмкүн. Арийне, Атамбаев буга чейин эч кимди алдына киргизбестигин, алар менен сүйлөшпөстүгүн жарыялаган. Бирок ага карабастан, Алмазбек Шаршенович өзүнүн мүнөзүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн, «балп» эткирмейди жакшы көргөн кишитергөөчүлөр менен баарлашканга макул болүшу ыктымал. Албетте, сурак бербейт, бийлик алмашканда жоопкерчилик тартарын эскертип, аларга мыйзамды сактоо боюнча лекция окуйт. Демек, күч түзүмдөрүнө бул жол ыңгайсыз, №1 сценарийге барганга аргасыз болот.

№3 Сценарий: Уктук лабиринт
Бул сценарийди Алмазбек Атамбаевдин юристтери ишке ашыра баштады. Конституциялык палатага арызын жазды. Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мыйзамды окуп чыгуу керектиги боюнча кайрылууну ИИМге биринин артынан экинчисин жөнөтүүдө. Атамбаевдин юристтери айтканын кайтпай какайып, «Президенттин ишмердигинин кепилдигин» камсыздаган мыйзамдын 2003-жылдагы редакциясына таянуу менен алардын кардары абсолюттук кол тийбестикке ээ экенин айтууда. Ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, 2019-жылы майда президент кол койгон мыйзам Атамбаевге карата колдонулбайт, мыйзам артка иштебейт дешүүдө. Ошого катар, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы президент А.Ш.Атамбаевдин тийбестиктен ажыратуу боюнча түшүнүк да жок, кол тийбестиктен ажыратуу процедурасы жазылган эмес дейт.

Кыскасы, мурунку президенттин командасындагы юристтерлин стратегиясы түшүнүктүү, Кожо Насридиндин тамсилиндей, эшек тынчыйт же падыша өлөт деген жолго түштү. Курулай жооп жазуу, тынымсыз өтүнмө, арыз, Конституциялык палатага кайрылуу менен Атамбаевди сот жообуна тартуу ишин белгисиз мөөнөткө узартууда.

2016-жылы февраль айында өткөн Кыргызстандагы соттордун курултайында Алмазбек Атамбаев өзүнүн куттуктоо сөзүн сүйлөп, соттук реформаны эң негизги жетишкендиги катары айтып, мындан ары Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүнө баш ийбеген «колтийбестер» жана «колжетпестер» кастасы болбойт деген. Бирок, бул «жетишкендигин» Атамбаев башкаларга колдонгон, азыр өзү «колтийбестер» кастасында калып, биротоло бетондоп алгысы келүүдө.

«Бийле, азыр жашсың балакай»

Биздин бала жаш эмес, бирок социалдык тармактарга ишемби күнү тараган Кой-Таштагы шаан-шөкөттөгү сүрөткө карай айтсак, бийлегенге караганда мыкты ырдайт экен. Бул эмне болду? Чума алдындагы чоң тойбу же Шекспир чумасындагы эки үйүбү. Бирок, неси болсо да бийлесин, митингге чыгып дүрбөлөң салгыча. Эл Атамбаевден тажады, Атамбаев болсо өзүн өзү кууп кирген азыркы кырдаалдан чарчады. Албетте, Сооронбай Жээнбековго асылбаган күндө дагы эртеби-кечпи капаска кирмек. Эч нерсе жоопсуз калбайт. Алмазбек Атамбаев өзү ар дайым кайталагандай, тарых бардыгын өз ордуна коет. Кандай болгон күндө да «параша» жыттай турган кезге жетти. Өкүнүчтүүсү, Атамбаев элдин алдына чөгөлөп кечирим сурагандан ордуна, өзүнүн учурунда мамлекет гүлдөп өскөнүн, жаркырап өнүккөнүн митайымдык менен таңуулап жатат. Чамасы, Атамбаев өлкөнүн жаркыраган ийгилиги катары ойлонулбаган саясатынын аркасында очойгон кредитке батырып, Кытайга карыз кылганын айтып жатса керек. Бүт кредиттер коррупциялык схема менен ишке ашкан. Анын кесепетинен биз карызды эч качан кечирбей турган өлкөгө көз каранды болуп калдык.

Же Атамбаев өнүгүү катары президенттиги учурунда Россиянын кызыкчылыгы үчүн Американын базасын кууп чыкканын айтып жатабы? Же экономикалык колдоо албай туруп, саясий негизде ЕврАзЕске кирип, азыр алардын айдагында калганына мактанабы? Биз акыры түбү эгемендүү, көз карандысыз мамлекетпиз, президенттин Россияга болгон визитин Путин килемге чакырды деп эрөөн-төрөнү жок жазып жатабыз. Атамбаев саясий репрессиянын негизинде элдин деңгээлин ушуга түшүрдү. Кыргызстандын өнүгүшүнө «таасирин» тийгизди. Тизмени уланта берсек болот, адам тагдырлары сынган тизменин учу узун.

2016-жылы декабрдагы пресс-конференциясында Алмазбек Атамбаев: «Өзүм жасаган иштерге жооп бергенге даярмын» деген. Мына эми «өзүнүн жасаганына» жооп бере турган мезгил келди. Оозго киргенди оттобой, эркек болуш керек. Арийне, «эркек болуу» Атамбаевдин колунан келбейт. Андыктан, биз каалабайбыз, бирок №1 сценарийди ишке ашырганга туура келет.

Кыргызчалаган: Камчы кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: