Menu

Ж.Чыдыев, 80деги карыя: “75 жыл мурун жоготкон атамды неберем таап берди”

Бөлүшүү:

Менин атам Чыдыев Тынай 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанганда мен 4 жашта элем. Атам мени жерден көтөрүп алып, бетимен өөп, жерге түшүрүп, атын чапкан бойдон кеткени өмүр бою көз алдымда калды.

Атам согуштан кайткан жок. Апам Бүбүкан 29 жашында 5 бала менен жесир калган. “Атаңар дайынсыз кетти” деп, апам ыйлап калаар эле.

Атам акыркы катында: “Алдымда от, артымда от, Батышты көздөй немистерди кууп кетип баратабыз” деп жазган экен. Атамды көпкө издедим. Орусча жазылганда фамилиясында ката жазылып калганынан улам табуу кыйын болду.

Жакында неберем интернет аркылуу издеп, атамды таап берди.

Атам 1944-жылы Беларуссия жеринде курман болгон экен. Балдарым менен атама барып, кеч болсо да куран окуп, топурак салып келдим. Токойдун арасында “Братская могила” деген көрүстөндө миңден ашык солдаттардын фамилиясы, аты жазылган. Согушта курман болгон солдаттардын акыркы түнөгү, Беларуссия эли тарабынан жакшы каралып турат экен.

Өмүр бою атама болгон сагыныч, кусалык, согуш убагында тарткан азап-тозоктор, жетимчилик көзүмөн жаш болуп куюлуп куран окуй албай ыйлап турдум. Мекенинен ушунча алыс жерде калганына, 76 жыл бою таба албаганыма арман кылдым.

“Бир жагынан кеч болсо да өзүңдү тапканыма, түбөлүк жаткан жериңе келгениме ичимден кудайга ыраазы болдум. Кош Ата, эми мен кайра келемби, келбеймби, жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун, жаның бийик жаннатта болсун. Сага эч кандай сыйлык берилбей калса да, сен биз үчүн баатырсың. Кырк үч жашында биздин Советтер Союзу деген чоң Мекенибиз үчүн жаныңды берип, баатырларча курман болгонсуң. Кантейин Ата, кош эми…”

Белоруссия жерине келип, атама куран окуп келгенге жардам көрсөткөн Талас областынын губернатору Мураталиев Марат балама, бөлүм башчысы (социалдык мониторинг) Наралиев Төлөгөн балама өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Ушул балдарыма узун өмүр тилеймин, иштеринде дайым ийгиликтер болсун. Кичи пейил,                        ишин жакшы билген Таласымдын мыкты, чыгаан жигиттери өсө берсин. Манас атабыздын арбагы дайым колдоп жүрсүн.

Ж.Тынаев, Талас шаары, июль, 2019-жыл

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: