Бүгүн, 19-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен республикага расмий сапары менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён «Ала-Арча» капчыгайына барып келишти.
Өкмөт башчылары «Дилгир» фольклордук тобунун чеберчилигине, салбуурун жана улуттук жаа менен атуу өнөрлөрүнө күбө болушуп, кыргыз элинин улуттук суусундуктарынан ооз тийишти.
Ошондой эле Премьер-министрлер «Ала-Арча» паркынын аймагында сейилдешип, Кыргызстандын бийик чокуларына чыгуу үчүн Кореядан келген альпинисттердин тобу менен пикир алмашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ