Саясатта ойлонулбаган кадамы, жүрүш-турушу менен белгилүү Камчыбек Ташиев абакта жаткан Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон Жогорку сот баш тарткан соң «Садырды бошотуш керек эле, элге колдонгон амнистияны эмнеге Садырга колдонууга болбойт, эмнеге? Сурай турган убакыт келди, аракетти баштайбыз!!! Жакында Садырдын тагдырына кайдыгер эмес адамдарга кайрылабыз, жардам бергиле!!!» – деп “Фейсбуктагы” баракчасынан элге чакырык таштады. Минтип бийликке сес көрсөтүп опуза кылып жатканына караганда үмүтү акталбай, Атамбаевдин жээгине өткөнү калган өңдөнөт.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ