Menu

Анвар Осмоналиев, актёр: “Чыгармачылыкта атаандаштарымдан досторум аябай көп”

Бөлүшүү:

Жаштар арасында кайсы тармакта болбосун өсүү бар экенин мыкты жаш кадрлардын биринен сала бири чыгып, ийгиликтерди багындырып келе жатканынан баамдасак болот. Каарманым Анвар Осмоналиев театр менен катар кино жаатында да өзүн көрсөтүп, башкалардан айырмаланып келет. Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти, кыргыз элине жакшы образдары менен таанылып келе жаткан таланттуу актер, алып баруучу Анвар мырзадан кызыктуу маек.

– Анвар, кино менен театр куштун 2 канатына окшош катар кетиши керек дешет. Бирок артисттер адатта же киного, же театрга басым жасашат. Сен кайсы жагына көбүрөөк ыктаган актёрсуң?

– Апам театрда көп жылдан бери эмгектенет. Ошол себептен бала чагым куттуу театрда эле өттү десем жаңылышпайм. Театрга болгон сүйүүм тестиер кезимден эле пайда болгондуктан апам менен кеңешип, театрдын алдындагы театралдык окуу жайга тапшыргам. Аталган куттуу жайдан билим алгангабы, бала чагым ушул жерде өткөнгөбү, учурда дал ошол театрда эмгектенип жүргөндүктөнбү, айтор театр жашоомдун бүтүндөй бир бөлүгүнө айланып калган. Кино маданиятын да театр маданиятындай эле жакшы көрөм. Киного тартылуу мен үчүн ырахат. Экөөнү бирдей алып кетүүгө болгон күчүмдү жумшайм.

– Чыгармачылыкта дос табуу ылдамыраакпы же атаандашпы?

– Чынында ар кандай. Атандааш болуп жүрүп дос болобуз же тескерисинче дос болуп жүрүп атандаш болуп калган кез болот. Бирок менин чыгармачылыкта атаандаштарымдан досторум аябай көп.

– Сени тарбиялаган устаттарың жөнүндө айтсаң?

– Устат шакиртинин келечектеги тагдырына таасири тие турган бирден-бир инсан. Ал суунун башын каякка бурса ошол жакка кеткендей эле, жаш таланттарды таптаган, оң же сол жакка бурган адам. Менин чыгармачылыгыма театралдык окуу жайдын мугалимдери өзгөчө салым кошту. Алардын ар бир ийгилигимде салымы жана эмгеги абдан чоң. Ар бир эже-агайыма терең ыраазымын. Актердук чеберчиликтен сабак берип бизге көп нерсени үйрөткөн устатыбыз ыраматылык Марат Козукеев агайыбыз болду. Марат агай сабактан тышкары да бизге жашоого керектүү кеңешин көп берчү. Марат агайдын ар бир айткан насаатын, берген билимин эч убакта унутпайм.

– Өзүң сүйгөн каарман кайсы? Спектаклде же тасмада?

Артист өзү ойноп жаткан каарманды сүйүп, анын жан дүйнөсүнө сиңип кетиши керек. Демек, ар бир ойногон ролу ал үчүн сүйүктүү болушу шарт. Ар бир жараткан образым өзүмө жагат. Ар бирине астейдил мамиле кылганга, жоопкерчилик менен аткарганга аракет кылам. Эненин он баласы болсо да арасында ал жүрөгүнө өтө жакыныраак көргөн, бирок башка балдарына билдирбеген бир баласы болот эмеспи. Анын сыңарындай ролдорумдун арасында сүйүктүүлөрү да жок эмес. Маселен, П.Ершовдун “Конек Горбунок” жомогундагы жомокчунун, кинодо болсо “Асман алдында” тасмасындагы Керимдин образын өзгөчө жактырам. Режиссеру – Дальмира Тилепбергенова.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: