Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов 15-июлдан тартып эмгек өргүүсүнө чыкты. Эс алуусунун биринчи күнүндө президент буга чейин том-том болуп чыгып келе жаткан “Түркмөнстандын дары чөптөрү” китебинин 11-томун жазды. Аны менен катар мамлекет башчы өзү жазган ырларына тарткан клиптерин көрүп-угуп маашырланды. Бул тууралу мамлекеттик телеканал атайын репортаж жасап көрсөттү.
Чыгармачылык иштеринин аягына чыккан соң Бердымухамедов неберелери менен чоогу мышыктын балдары менен ойноп, эс алды.
Булак: “Хроника Туркменистана”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ