Menu

Белгилүүлөрдүн эс алуусу кандай өтүп жатат?

Бөлүшүү:

Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын мэри: «Эс алууга убакыт жетишпейт»

—Эл эс алган убакта биз иштейбиз. Күнү-тунү чуркап, баарын карап, тиешелүү адамдарга тапшырма берип, кайра аны көзөмөлдөп, анан иш кагаздарды караганча эле кеч кирет. Борбор калааны гүлдөгөн шаарга айлантып, тазалыгы менен үлгү боло турган шарттарды түзүүгө болгон аракетибизди жумшап атабыз. Коомчулук менен тыгыз иштешип, сын-пикирлерди эске алуу менен аларды дароо чечүүнүн үстүндө иштеп атабыз. Чынын айтсам азыр эс алууга убакыт жетишпейт…

Азамат Жамангулов, Маданият жана маалымат министри: «Эс алып келүү оюмда бар, бирок убактым ченелүү»

—Мыйзам алкагынан караганда эс алууга чыгышым керек болчу. Мен жетектеген тармакта маселе көп, баарына жетишишим керек. Иш-чаралар, жолугушуулар, кабыл алуулар, документ иштери баардыгы артка жылдырбай турчу иштер. Убакыт-сааты чыгаары менен үй-бүлөмдү алып Ысык-Көлдүн түштүк жээгине барып эс алам деген изги тилегим бар. Биздин жаратылышыбыздын кереметине сөз жетпейт.

Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Ата-энемдин жанындамын»

—Ата-эне менен чогуу эс алуу баарыбыз үчүн баа жеткис болсо керек. Уккан болушуңуздар керек, Мухтар Атаналиевдин атайын балдарга, чоңдорго арнап ачкан этно лагерин. Ошол жакта апам-атамдар менен биргеликте эс алдык. Эми буюрса өзүбүздүн берметибиз болгон Ысык-Көлгө барабыз. Кыргыздар негизи бактылуу элбиз деп ойлойм. Ысысак тоого чыгабыз, көлгө түшөбүз, жаратылышыбыздын сулуулугуна болсо сөз жок.

Бек Борбиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: «Курулуш иштери менен алекмин»

—Үч күнгө Ысык-Көлгө барып келдим. Ошол эс алуу мага жетет. Көпкө тигил-бул жакты кыдырып жүрө албайм. Токтогулдагы үйдө курулушту баштап алгам. Азыр ушул жумушум менен алекмин. Усталардын тамак-ашы, керектөөсү болуп жатып эле убакыт артпайт. Анын үстүнө Токтогул жердин бейиши. Ал жакта жүрүп деле эс алсаң болот. Эң башкысы апам кирип-чыгып маңдайымда жүрсө, менин эс алуум ойдогудай өттү деп эсептейм.

Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Чет өлкөгө чыгуу планым деле жок»

—Депутаттар жайында эс алат деген эле аты болбосо шайлоочулар менен жолугуп, алардын пикирин угуп жатабыз. Өзгөн районунан шайланган эл өкүлдөру Сузакты, Өзгөндү кыдырдык, калктын пикирин уктук. Учурдан пайдаланып эл менен жолугуудан сырткары жеке иштерди да бүтурүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азырынча Кыргызстанда элемин. Чет өлкөгө чыгып, кайсы бир жактарга баруу планымда жок.

Алтынай Нарбаева, ырчы: «Тойго даярданып жатам»

—Быйыл буюрса келин алам. Тойго даярданып эс алуу дегенди такыр унуттум. Биринчи жакшылыгым болгондуктан жолдошум экөөбүз тыныгуу дегенди унуттук. Ыймандуу, ырыстуу жаркылдаган жан келсин деп тилейт экенсиң да үйүңө. Анын үстүнө өзүбүздүн жеке менчик дачабыз бар. Эмне кааласак баарын эгип, даярдап алгам. Эс алгым келгенде мөмө-жемиштерди, жашылчаларды сугарам. Аялдын түйшүгү түгөнбөйт да. Кыям, салат, компотторду жаап алайын убагында деп тыным жок чуркап жүрөм. Анан кайдагы эс алуу.

Камчы Сарыбаев, актёр: «Жыргаганга төрт күн жетет»

—Шаар кайнап атканынан Ысык-Көлдү көздөй баса бердим. Өзүм деле көлдүн жигити эмесминби. Учурда үй-бүлөм менен Тоңдо ата-энем менен чогуу туугандар, классташтардын курчоосунда эс алып жүрөм. Күнүгө кымыз, эт, чучук, көлдүн жээги… жыргал… Эс алууга 4 гана күн жетиштүү. Андан ары жыргаганга жумуштун көптүгү мүмкүнчүлүк деле бербейт. Бала-чаканын, жакындардын күлкүсү бар жерде эс алууну мен эч нерсеге алмашпайт элем. Бир жылда бир келчү мындай мүмкүнчүлүктү коё бергим келбейт.

Абдылда Иманкулов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: «Айылдан башка жакта эс албайм»

—Жайкы эс алуумду кичи мекеним Токтогулдун Толук айылында өткөрөм. Азыр эле ошол жактан келдим. Барганда бирөөнүн үйүнө эмес, өзүм салган үйдө эс алам. Бала-чака, неберелер менен барып каймак, сүт ичип, кымызга тоюп дегендей жыргап келебиз. Буюрса дагы кетем. Берекелүү айыл турса чет өлкөгө чыгып эс алгандарды такыр түшүнбөйм, айылга жетеби?

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: