Menu

Мугалимдер 1000 долларга чейин айлык алат

Бөлүшүү:

Мурда «Мугалим мөмөлүү дарак» деп айтылаар эле. Анан калса келечек муундарга билим берген билим берүү тармагынын кызматкерлери өзгөчө, ардактуу деп бааланчу. Тилекке каршы ушул олуттуу маселе биздин Кыргызстанда бүгүнкү учурда сазга тыгылгандай эле абалда калды. Кыргызстандагы келечек муундарды тарбиялоого болгон абал, билим берүүнүн таптакыр төмөн түшүп кетиши азыркыдай абалга кептелип көргөн эмес. Кезинде азыркы ажо өзүнүн шайлоо компаниясындагы эң негизги максаттарынын бири мугалимдердин айлык-маяналарын көтөрүү болгон. Эл менен, мугалимлер менен жолукканда узун-узун убадаларын айткан. Бирок, ал убадалар алигиге чейин сөз жүзүндө эле калып келе жаткандай…

Билим берүү демекчи, кошуна Өзбекстанда учурда мектеп мугалимдерине болгон камкордукту өлкөнүн эң башкы милдеттеринин бири баалап келишет. Өткөндө аталган өлкөнүн парламентинде мугалимдердин статусун өзгөчө көтөргөн мыйзам долбоору да кабыл алынып, президенти, өкмөтү баш болуп коюлган маселени реалдуу ишке ашырууга киришти. Бул тууралуу Өзбекстандын «Халксузи» маалымат булагы да жакында Шавкат Мирзиеевдин «Биз билим берүү жаатындагы маселени, айрыкча мектеп мугалимдеринин социалдык маселелерин, алардын эмгек акыларын ар дайым көңүл борборубузга алып, аларга жетиштүү шарт түзүп берүүнү токтотпошубуз керек. Жакшы билимсиз өлкөнүн өргө чыгуусу мүмкүн эмес» деген маанайдагы билдирүүсүн жазып чыгышты. «Газета Уз» маалымат басылмасы болсо мамлекет Мирзиеев мектеп мугалимдерин айлыгын 1000 долларга чейин жогорулатараары тууралуу билдирүүсүн таратты.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: