Menu

“Сары кыздын” “калыңы” төмөндөдү…

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Тоң району өздөрүнүн экологиялык жактан эң таза делген абрикостору менен сыймыктанып, бул жемиш элет тургундарынын социалдык корзинасына чоң колдоо болуп келген. Тоң районунда абрикос бышканда толгон токой машинелер келип ар бир киллограмм абрикосту 50 сомдон кем эмес баада дүңүнөн сатып кетишээр эле. Абрикос бышкан маалда Тоң району менен аркы Жети-Өгүз районунун тургундары шаан-шөкөт менен «Сары кыздын тою» деп ар жыл сайын атайын фестиваль дагы уюштурушаар эле. Быйыл негедир алардын маанайы пас. Абрикостун азыркы баасы 35 сомдон ашпай жатканын айтып кейишүүдө. Жергиликтүү элдин арасында «Атамбаевдин убагында мындай болчу эмес» деп үшкүрүнүп жүргөндөрү канча. Былтыр болсо ушул эле көлдүктөр «энеме ишенип атып эрсиз калдым» дегендей өкмөткө, айыл-чарба министирлигине ишенип атып, картошкаларын сактап отуруп, ишенген айыл-чарба министирлигинен болсо майнап чыкпай акыры чирип кеткен картошкаларды тонналап талаага төгүштү го. Кайран эл дагы сабырдуулук кылышты, бирок, эмгектери таалага кетип буркураган бойдон кала беришпедиби.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: