Menu

Быйыл Кыргызстандан 6010 адам Арабияга баратат…

Бөлүшүү:

Ажылык амалды аткаруу – ислам дининдеги негизги беш милдеттин бири деп эсептелет. Зыярат жылына бир жолу болот. Мурдагы күнү, 17-июлда Кыргызстандан ажылык сапарга барчу адамдардын алгачкы тобу Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясына учуп кетти. Бул туурасында Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Андагы маалыматка таянсак 1-августка чейин Бишкек жана Ош шаарынан 18 жолу авиакаттам уюштурулуп, 6010 адам диний жөрөлгөнү аткарууга бараары жана бул квота өткөн жылдагыга салыштырмалуу 500 адамга көп экендиги, ошондой эле зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болгону айтылат. Курман айт майрамы болсо 6-августтан кийин белгилүү болоорун ошол эле Муфтияттын маалымат катчылыгы кабарлады. Ал эми ажылык сапарга кеткендер Курман айт намазын Сауд Арабиясынын Мекке шаарында белгилешет. Зыярат бул калаадагы Кааба имаратынын тегерегинде, Мадина шаарындагы ыйык саналган жерлерде болот.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: