Өткөн саныбызда Ош шаарындагы жарылып кеткен «Россия нефть» компаниясынын кайра ачылаары тууралуу жазганбыз. Акыры айткандай эле болду. Май куюучу жай ачылып, учурда ишке берилди. Мэриянын кызматкерлери да, укук коргоо органдары деле компаниянын мышыгын «пыш» дей албай коюшту. Тиреген адамы өтө күчтүү окшобойбу. Жыйналышта мэр Сарыбашев жакшы эле «кыйкырып» аткандай болгон. Жыйынтыгында мэрдин сөзү талаада калыптыр. Ошондо Сарыбашевди эч ким тоготпойбу? Эмнеге чечкиндүү кадамга бара албайт? Же балким билмексен болуп коюу үчүн ооз басырык алдыбы деген суроолор туулат?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ