Menu

Фотожурналист, шекер кептүү Шекербек Сартов ага!

Бөлүшүү:

Аттиң десеңчи! Ак сөздү акындан ашырып айта албастырбыз. Кыргыз улуттук журналисткасында, фотожурналист катары Шекербек Сартовдун ысымы калың кыргыз журтуна таанымал эле. Ал ошого эмгеги менен, бийик адамгерчилиги менен, шекер кеби менен татыктуу болчу…

Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү фотосүрөтчү Шекербек Сартов катуу оорудан кийин бир келген өмүрдө мезгилинен эрте дүйнөдөн кайтты. Бул жоготуу аны кадырлап, билген көпчүлүктүн, жакын санаалаштардын көңүлүн оорутуп, кабыргасын кайыштырган эле… Шекербек агабыз “дарак бир жерден көгөрөт” дегендей кыргыздын Улуттук тунгуч басылмасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Туусу” гезитинде 34-жыл эмгектенип, өмүрүнүн көбүн “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясында өткөргөн. Ал өз жамаатында улууларды урматтай билген, кичүүлөрдү ызааттай билген жибектей жумшак мүнөзү, бийик адамгерчилиги менен кадыр-сыйдын ээси эле. Кесибинин шартына ылайык Кыргызстандын ал баспаган жери калган эместир. Ошон үчүн элде Шекербек Сартов деген ысымды билбеген адам аздыр. Анткени мойнуна асынган фотоаппараты менен Кыргызстандын не бир аймактарында изи калып, гезит бетинде кандай гана түркүн-түркүн тарткан сүрөттөрү 34 жылдан ашык жарыланып келди. Анын өнөрканасынын архиви Кыргызстандын ар бир тармагындагы түркүн муундун өкүлдөрү менен республикабыздагы табияттын не бир ажайып көрүнүштөрүнүн сүрөттөрүнө бай. Анда кыргыздын кооз табияттуу жерлери менен тоолору, көлдөрү менен суулары, айыл ажарлары, шаарлары бар. Кыргыздын не деген асыл адамдары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, адабият менен искусстводогу залкар таланттар, маданий ишмерлер, эмгектин баатырлары, деги койчу, Шекербек аганын калтырган архиви тарыхый маанидеги чоң байлык. Андан Кыргызстандын Совет доорунан берки тарыхын табууга болот.

Анын эмгеги мамлекеттик деңгээлде бааланып Кыргызстанда фото сүрөтчүлөрдүн арасынан биринчи болуп “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамын 1999-жылы алган. Ушунун өзүнөн эле анын өзү кесибине берилген таланттуу фото сүрөтчү экендигин далилдеп турат. Ал сүрөтчүлүк кесипти өтө сүйгөн. Алгач чоң турмушка биринчи кадамды таштаганда эмгек жолун фельдшерлик кесиптен баштаса дагы, жан дүйнөсүнө жакын сүрөт өнөрүнө тартылуу менен ал өзүн коомчулукка профессионал сүрөтчү катары тааныткан. Анын тагдыры албетте туулган айылынан башталат эмеспи, артка кылчайып сереп салганда киндик кан тамган кичи мекенине башталган өмүр жолун төмөнкүдөй таржымалын билүүгө болот.

Шекербек Сартов 1949-жылы Токтогул районундагы Кызыл-Туу айылында туулган. 1971-жылы Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайын бүтүргөн. 1971–1975-жылдары Жалал-Абад жана Ош шаарындагы кургак учукка каршы диспансерде, Токтогул райондук борборлоштурулган ооруканада, республикалык санаториялык агартуу үйүндө эмгектенген. 1976-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин республикалык тунгуч гезит “Кыргыз Туусунда” үзүрлүү эмгектенип келген. 1979-жылы Москвадагы эл аралык чыгармачылык университетинин кинофотоискусство бөлүмүн окуп бүтүргөн.

1980–1990-жылдары СССР Журналисттер союзунун фотосекция башкармалыгына мүчө, Кыргыз республикасынын фото сүрөтчүлөр союзунун башкармалыгынын катчысы болгон. Анын өмүрү өрнөктүү өмүр дегенге татыктуу, ал кыргыз элине ак кызмат өтөгөн атуулдардан дегенге толук акылуу.

Мен Шекербек ага менен жердеш катары да, бир жамаат иштеген катары да өтө сыймыктанам. “Кыргыз Туусунда бир он жылдан ашык бирге иштештик. Гезит ишинде журналисттер сүрөтчү менен бирге жүргөн күндөрү көп болгон учурларда дагы анын жумшак юмору ар дайым жылмайтып жүргөнү жүргөн эле. Редакцияда дагы Шекербек аганын кабинетине ат тезегин кургатпай байма-бай келгендердин саны эсепсиз, анын шекер кебинен чери жазылгандар кыраан каткы күлкү менен олтуруп, качан болсо дагы ошол кабинетте күлкү көп угулуп турганы турган эле. Шекербек ага өмүрүнүн акыркы жылдары ден соолугу начарлап, көп ооруп жүрдү. Оору деген адамдын ким экенин ылгабайт тура аттиң… Бирок, ошол ооруну дагы кабагым-кашым дебей көтөрүп, жаны кыйналып ооруп жатса дагы кабагын бир бүркөп койбой, кайра алын сурап баргандарды күлдүрчү эле. Бир сапар ал ден соолугун оңоо үчүн ооруканада жатып калды.

Кесиптештер чогулуп, ал-абалын суроого бардык. Барганда эле күлдүрдү. «Атам менен апама таарынып жатам, атымды эмнеге Шекербек деп койгон десең, «сахарым» көбөйүп кетиптир, башка ат койсо «сахар» деген жаман неме деле жабышпайт беле?» дейт. Күлдүк. Күлкү өмүрдү узартат дешет эмеспи. Эгер ошол улуу сөз чын болсо Шекербек ага далай адамдардын өмүрүнүн узарышына себепкер болду го деп ойлойм. Бирок, өзүнүн өмүрү узарса, кылымга жакындап жашаса болбойт беле арман! “Жакшы адамдын өмүрү кыска болот” деген сөздүн дагы чындыгы бардай, кээде өкүнүч жаратат. Мына минтип Шекербек ага бул ажайып дүйнөдөн бир аз эртерээк кеткени жакындарын, кесиптештерин, дегеле аны билгендерди (аны бүткүл кыргыз эли билет десек болот) өкүндүрүп турат. Тагдырга айла жок деген ушул тура. Эмне демекчибиз, Шекербек агадай асыл адамдын арабыздан “кайтпас күнгө калкып кете бергени” жүрөктү ачыштырып, жамандыкка кыя албай турсак дагы, кош деп деп айткандан башка аргабыз жок. Кайриет, артында учун улай турган бала-чакасы калды, айтып жүрөргө эли-журту калды… Жакшы адамдын жарыгы аны билгендердин эсинде эч качан өчпөйт.

Бактыгүл Чотурова

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: