Menu

Фоторепортаж – Башкы штаб «Сары-таш — 2019» тактикалык машыгуунун экинчи этабын өткөрдү

Бөлүшүү:

20-июлда Ош облусунун Алай районундагы «Сары-таш» машыгуу майданында «Сары-таш — 2019» атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу  этабы өттү.

Машыгуу Куралдуу Күчтөрдүн планы боюнча Мамлекеттик чек аракызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Машыгуунун жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков байкоо жүргүздү.

Президент курал-жарактар, аскер шаймандары жана согуш техникалары менен таанышты.

«Сары-Таш — 2019» тактикалык машыгууларынын алкагында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик түзүмдөрү ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аракеттешүүдөгү даярдыкты жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча атайын операцияны ишке ашырышты.

Мамлекеттик чек араны коргоо, жергиликтүү тургундарды көчүрүү, туткундарды бошотуу ошондой эле согушкерлерге бөгөт коюу жана жок кылуу боюнча тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту бекемдөө — биздин ички жана тышкы саясатыбыздын негизги багыты экенин белгиледи.

«Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө өзгөчө милдет жүктөлгөн», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы аракеттерди бириктирүүнүн жана Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин аракеттерин натыйжалуу жөнгө салууну камсыздоонун маанисин өзгөчө белгиледи.

«Бардык мамлекеттик органдардын иши натыйжалуу координацияланбаса, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу мүмкүн эмес. „Сары-Таш — 2019“ машыгуусу ушул максат менен  өткөрүлүп жатат», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы бул машыгууларды өткөрүү мамлекеттин коопсуздугунун бекемделишине өбөлгө болоорун жана кошуна өлкөлөр менен кызматташтыктын духуна шайкеш келерин белгиледи.

«Ар түрдүү уюмдарга жана союздарга биригүү менен  көпчүлүк мамлекеттер эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө активдүү көмөктөшүүдө. Бул күрөштө биздин республика башка өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен бир катарда турат. Кыргызстандын БУУга, ШКУга жана ЖККУга катышуусу учурдун чакырыктарынын жана коркунучтардын алдын алууда бардык мамлекеттердин жалпы дараметин жогорулатат», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын армиясынын дараметин жогорулатууга жардам берип жатышкан өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Индия Республикасынын аскер атташелери, россиялык «Кант» аскерий базанын жетекчилиги жана Эл аралык Кызыл крест комитетинин өкүлдөрү катышышты.

КР Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин кол башчысы Алмазбек Карасартовго «Сары-Таш» машыгуу майданынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 300 миң сомдук тастыктама тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: