Menu

Зеленскийдин партиясы парламенттик шайлоодо алдыга чыгууда

Бөлүшүү:

Украинанын улуттук экзит-поллунун алгачкы жыйынтыгына ылайык Володимир Зеленскийдин “Эл кызматчысы” (“Слуга Народа”) партиясы Жогорку Радага добуш берген шайлоочулардын 43,9% добушун алып, атаандаштарынан кыйла озуп чыкты.

Экинчи орунда 11,5% менен “Оппозициялык платформа” партиясы, үчүнчү орунда өлкөнүн мурдагы президенти Петро Порошенконун “Европалык тилектештик” деп аталган партиясы келатат. Төртүнчү орунда мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун “Батькивщина” партиясы добуштардын 7,6% менен, ал эми акыркы бешинчи орунда музыкант Святослав Вакарчуктун “Добуш” партиясы 6,3% менен парламентке өттүү мүмкүнчүлүгүн алгандай көрүнөт.

Калган партиялар Жогорку Рада өтүш үчүн коюлган беш пайыздык барьерди өтө алган жок.

Бул экзит-поллдун Киев убактысы боюнча саат 18:00гө карата чыккан партиялык тизме аркылуу өтүүчү 225 депутат боюнча жыйынтык.

Украинанын шайлоочулары 21-июлда Жогорку Раданын депутаттарына добуш беришти. Украинанын президенти Володимир Зеленский калктын депутаттарга болгон ишеничи төмөндөп кеткенин жана парламентте башкаруучу коалиция жоктугун айтып, мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүүнү демилгелеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: