Menu

Фото – Украинадагы кыргыз элчиси Жусупбек Шарипов Гагаузиянын Башчысы Ирина Влахтын кызматка киришүү салтанаттуу аземине катышты 

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-июлда Кыргыз Республикасынын Украинадагы жана айкалаштыруу менен Молдова Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов Молдова Республикасынын автономдук-аймактык бирикме Гагаузиянын Башчысы (Башканы) И.Влахтын кызматка киришүү салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Ж.Шарипов И.Влахты экинчи мөөнөткө тандалышы менен куттуктап, ага жооптуу ишинде ийгиликтерди кааалады. Салтанаттуу аземге Молдова Республикасынын Президенти И.Додон, Парламенттин төрайымы З.Гречаный, Премьер-министри М.Санду, Молдовада аккредиттелген Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер, эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты. Молдова Республикасына болгон иш сапардын алкагында Элчи Ж.Шарипов Молдова Республикасынын Тышкы иштер жана европалык интеграция министрлигинин мамлекеттик катчысы Т.Молчан, эки тараптуу кызматташуу жетекчилигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн бөлүм жетекчиси В.Саранчук менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар бар болгон эки жана көп тараптуу кызматташууну жандандыруу маселелесин талкуулашты: тышкы иштер министрликтери ортосунда кеңешме өткөрүү, өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу, Кыргызстандын талапкерлерлигин БУУнун алкагында колдоо, укутук-келишим базасын кеңейтүү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: