Menu

Зеленскийдин партиясынын коалициясыз өкмөт куроо мүмкүнчүлүгү бар

Бөлүшүү:

Украина президенти Владимир Зеленскийдин “Эл кызматчысы” партиясы коалициясыз, өз алдынча өкмөт куроо мүмүнчүлүгүнө ээ болууда.

“Интерфакс-Украина” маалымдагандай, анын партиясы мажоритардык окуругдардан шайланып келген 120 депутаттын 115инин добушуна ээ болот. Мындан тышкары тизме боюнча дагы 121 добушу бар. Бул партия Украинанын тарыхында биринчи жолу Радада абсолюттук көпчүлүккө ээ болуп, өз алдынча өкмөт курайт дегенди билдирет.

Жогорку Радага шайлоо 21-июлда өттү. 424 мандатка 6000дей талапкер ат салышты. Орундардын жарымы бир мандаттуу депутаттар арасында бөлүштүрүлөт. Жарымы партиялык тизменин жыйыныгы менен куралат. Алдын ала маалыматтар боюнча беш партия парламентке өттү.

Украина Борбордук шайлоо комитетинин маалыматы боюнча бюллетендердин төрттөн үч бөлүгү саналып бүттү. “Эл кызматчысы” партиясы 42% добуш менен атаандаштарынан 30% добушка алдыга озуп кетти. Экинчи орунда 12,6% менен “Оппозициялык платформа” партиясы, үчүнчү орунда өлкөнүн мурдагы президенти Петро Порошенконун “Европалык тилектештик” деп аталган партиясы 8,6% менен келатат. Төртүнчү орунда мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун “Батькивщина” партиясы добуштардын 8,3% менен, ал эми акыркы бешинчи орунда музыкант Святослав Вакарчуктун “Добуш” партиясы 6,3% менен парламентке өттүү мүмкүнчүлүгүн алгандай көрүнөт.

Украина Конституциясына ылайык, парламенттик көпчүлүктү фракциялар же курамында 226дан кем эмес депутаты бар фракция гана курай алат. Эгер Зеленскийдин партиясы керектүү добуш топтой албаса, башка партиялар менен коалиция түзүүгө аргасыз болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: