Menu

Орусияда тажикстандык мигранттар жумуш шартына нааразы болушууда

Бөлүшүү:

Волгоградда фермердик чарбада иштеп жаткан тажикстандык мигранттар үч айдан бери айлык албай жатканына даттанышууда.

Алар жолдогон видеокайрылууда фермада 30 киши иштеп жатканын, документтери жок, буга байланыштуу жардам суроого аргасыз болгону айтылган.

Маалыматтарга караганда, үч айда алар болгону 10 миң рублден алышкан, Тажикстандын Москвадагы элчилиги алардын кайрылуусуна жооп берген эмес.

Бирок иш берүүчү, 11 жылдан бери Орусияда дыйкан чарба менен алектенген тажик жараны Хамдам Хамдамов мигранттар негизсиз арызданып жатканын айтты:

– Мен аларга 80 миң рубль короттум, буга жол чыгымдары, документтерди даярдоо, патент алуу, тамак-аш жана жатакана кирет. Алар бир ай мурун патент алышты, биз ар бири менен келишим түздүк. Бир ай бою алар иштеген жок.

Хамдам Хамдамовдун Волгорадда 200 гектар жери бар. 150дөн ашык киши иштейт. Ал эмгек шартына Душанбе жана Гисардан келген жалкоо мигранттар гана нааразы экенин айтууда.

Хамдамов буга чейин мигранттардын катышуусунда криминалдык окуялар катталганын,полициянын кеңеши менен документтерин сейфте сактап жатканын айтты.

Волгограддагы тажик коомунун төрагасы Саидахмад Махмадов фермага барып, иш ыргагы менен таанышканын, иштегисиз келбеген төрт-беш мигрант жаңжал чыгарып жатканын кабарлады.

Мигранттар арыз менен расмий органдарга кайрылды, иш берүүчү аларды сотко берди. Хамдамов эмгек келишимин бир тараптуу бузуп, иштегиси келбеген мигранттарды жумуштан бошотууга ниеттенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: