Menu

Алмаз Атамбаев: “Бабанов коркпой эле Кыргызстанга келиш керек, биз аны эч кимге кор кылдырбайбыз”

Бөлүшүү:

“Мен эбактан бери эле Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иштери жасалма, мыйзамсыз деп айтып келатам”, – деп билдирди бүгүн, 22-июлдун кечинде Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн короосунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

“Бабановго каршы козголгон бир кылмыш ишинде аны менен катар жоопкер болуп Канат Исаев бар болчу. Аны бошотуп коюшту, эми Бабанов качып жүрөт, ал эми  Исаев чардап жүрөт. Бул деген абсурд. Азыр Кыргызстанда уятсыздардын заманы орноду. Бабанов Кыргызстанга келиш керек, коркпой эле келе берсин, биз аны эч кимге кор кылдырбайбыз”, – деди Атамбаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, Өмүрбек Бабановго каршы кылмыш иштерин 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин ал кездеги президент Алмаз Атамбаев козготкону көпчүлүккө маалым.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: