Menu

Тажикстан: абактарда тополоң уюштурууга айыпталгандардын иши Жогорку сотто каралууда

Бөлүшүү:

Тажикстандын Жогорку соту Хожент шаарындагы №3/3 абакта тополоң уюштурууга айыпталып жаткан камактагы 34 адамдын ишин карай баштады. Бул тууралуу 22-июлда соттун төрагасы Шермухаммад Шохиён билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аталган абактын төрт кызматкери жоопкерчиликке тартылган. Алардын арасында түрмө жетекчиси Файзулло Сафарзода дагы бар. Ал «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Калган үч кызматкер шалаакылык айыбы менен 2,5 жылдан шарттуу кесилишкен.

Расмий версияга ылайык, былтыр 8-ноябрга оогон түнү башталган Хожент түрмөсүндөгү тополоңду токтотуу маалында 23 киши каза болгон. Анда алардын экөөсү абак кызматкери экени айтылган. Бирок бейрасмий маалыматтарга караганда, тополоң маалында кеминде 50 киши мерт болуп, дагы 180ден ашыгы жаракат алган.

Жогорку соттун төрагасы кошумчалагандай, учурда аларда 19-майга караган түнү Вахдат шаарындагы абакта чыккан тополоң боюнча иш дагы каралууда. Бул иште айыпталуучу катары камактагы 28 адам өтүп жатат. Бул абактагы тополоңду басууда 32 киши, анын ичинде үч күзөтчү каза болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: