Menu

Агынан жарылган милиция, президентке кайрылды

Бөлүшүү:

Чындап эле милиция кызматкерлеринин абалы оор. Өзгөчө ар бир майрам же чет элдик коноктор келгенде алардын абалы андан дагы оорлошот. Көчө бойлой ысыкта же суукта бир ордуларынан жылбай көчө бойлой какайып турушканын баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Акыры бирөө чындыкты айтыш керек эле. Айтты. Болгондо милиция кызматкерлери өздөрү. Мына ошол жагдайды эске алган Чүй облустук ИИМ кызматкери Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу кылды. Андагы айтылган ички мазмун дал ошол ысык-суукка карабай ар бир орчундуу иш чараларда алардын көчөлөрдө күзөттө ач-ток тургандыгы айтылган. Президентке кайрылган Чүй облусундагы милиция кызматкерлеринин арызы боюнча кызматтык иликтөө башталды: Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Арыз Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын жеке көзөмөлүнө алынды. «Коомдук тартип, коомдун жана жеке инсандын коопсуздугунун камсыз кылуу ички иштер кызматкерлеринин милдеттеринин бири. Өлкөнүн жетекчилеринин коопсуздугун камсыз кылууга милиция кызматкерлери 3-4 саатка гана тартылат. Айрым учурларда, өлкөгө жогорку даражадагы коноктор келгенде гана убакыт узарып кетиши мүмкүн. Мындай иш-чарага Бишкек шаарынын, Чүйдүн милициясы тартылат», — дейт аймактык башкармалык. Чүй облустук милициянын кызматкерлеринин арызы социалдык тармакка жарыяланган. Анда тартип сакчылары негизги иштерин таштап, жолду торуп турууга аргасыз болуп жатканын айтышат. Алар Чүй облусундагы жолдорду тосуу үчүн өз каражатына, көбүнчө таксиге түшүп жетүүгө, жол боюнда ачка бир нече сааттап күзөттө турууга аргасыз болуп жатканын айтып, президентке кайрылышкан.

Милиция кызматкерлерди жолду тосууга расмий уруксат жок экенин белгилеп, Сооронбай Жээнбеков бул эрежени мыйзамдаштырууну, же жокко чыгарууну сунушташкан.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: