Menu

Жакшыртабыз деп, карыз болгон тарых музейи

Бөлүшүү:

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Мамлекеттик тарых музейи эмне себептен ачылбай жаткандыгын айтып берди.

Ал бүгүнкү күндө музейди ачууга эч нерсе тоскоол болгон жоктугун, жаңы музей иштей турган баардык программалардын ачкычы ал жайды оңдогон немец компаниясынын колунда экенин жана кыргыз тарап аткарылган иш үчүн аларга 225 миң евро төлөп бериши керек экенин айтты. Министр түшүндүргөндөй, музейге байланыштуу соттук териштирүүлөрдөн улам бул маселе создуктурулууда. Учурда мурдагы өкмөт башы Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчилердин айланасында соттук иштер жүрүп жаткандыгы белгилүү. Маалыматтарга караганда Улуттук тарых музейинде капиталдык курулуш иштерин жүргүзүүдө Исаков Германия мамлекетинин “Райер” компаниясы менен өз ара сүйлөшүүгө барып, мамлекетти 101 690 800 сомго зыянга учураткан. Жалпылап алганда өлкө 247 650 281,88 сом зыян тарткандыгын өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирген болчу. Министрдин маалыматында айтылып жаткан 225 миң евро жогорудагы акчалардын жанында тыйынга деле турбайт. Эгер Кыргызстан германиялык компанияга 225 миң евро эле төлөп берсе жакшы, андан да көп эмеспи деген шек саноолор бар. Себеби, буга чейин музейге кеткен чыгымдардын көлөмү дээрлик көп болгону айтылган болчу.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: