Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) директору Андрей Широковду кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана өнүгүүгө багытталган кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин реаблитациялоо жана энергетикалык, инвестициялык долбоорлор боюнча Кошумча Макулдашууну ишке ашыруу республикада энергетикалык кубаттуулуктун көлөмүн арттырууга мүмкүнчүлүк берерине ишене турганын билдирди.

Президент ошондой эле Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан «Ден соолук кербени» долбооруна бөлүнгөн грант айыл калкын алдын ала медициналык кароодон өткөрүүгө олуттуу колдоо болоруна үмүттөнөрүн билдирди.

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков Фонддун ишмердүүлүгүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ирригациялык тармактагы жана республиканын аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иштер башталганын маалымдады.

Азыркы кезде калктуу пункттардын тизмеси аныкталды жана пилоттук долбоорлордун тажырыйбасы иликтенүүдө.

Ал ошондой эле энергетика, транспорт, саламаттык сактоо жана айыл чарба чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу улана турганын белгиледи. Жогорудагы бардык багыттар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен тыгыз иш жүрүүдө.

Ошондой эле өлкөнүн региондорунда жолдорду куруу жана модернизациялоо боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу пикир алмашуу болду. Тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга кызыкдарлык жана даярдык билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: