Menu

Кумтөр Кыргызстанга 24 жылда 3,7 млрд доллар төлөптүр

Бөлүшүү:

Кумтөр кениндеги таза киреше 10 млрд. долларга жакын экендиги айтылып келет. Бул баштапкы эсептөөлөр. Андан кийин да касып жаткан компания келишимдердин негизинде кошумча касуу аймактарына лицензия алышканы маалым. Бирок, Кумтөрдөн Кыргызстан акча төлөмдөрдү аз алып жаткандай сезилет. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2018-жылы Кыргызстандын аймагында жүргүзгөн баардык төлөмдөрү 301,938 млн доллардан ашкан. Ишкананын сайтында маалымдалгандай, аталган төлөмдөрдүн ичине салык, аффинаж үчүн төлөмдөр, товарлар үчүн жергиликтүү алып келүүчүлөргө төлөп берүү, кызматтар, инфраструктура, кайрымдуулук жана башка төлөмдөр кирет. Ал эми ишкана иштеп баштаган кезден тарта 1994-жылдан 2018-жылга чейин Кыртызстанга 3 млдр. 774 млн. доллардан ашык каражат төлөп берген. Былтыр “Кумтөр” кенинде 534 563 унция же 16 626,78 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми сатылган алтындын көлөмү 530 448 унция же 16 498,79 кг түзгөн. Жыл жыйынтыгы боюнча сатылган алтындан түшкөн киреше 660,1 млн. долларды түзгөн. Бир жыл ичинде 9,6 млрд. сомдон ашык салык төлөнгөн. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарына ылайык, Кумтөрдүн КРнын ИДПдагы үлүшү 8,6%ды түзгөн, ал эми жалпы өндүрүштө Кумтөр 18,4%ды түзгөн.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: