Menu

ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери көлгө чөгүп бара жаткан эки жаранды  куткарып калды

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-июль күнү болжол менен кечки саат 21:00дор чамасында Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан санаторийлердин биринде Ош облусунун тургундары А.Ш. жана З.Ш. аттуу бир туугандар эже-сиңдилер көлдүн жээгинен сууга түшүп жатып чөгө баштаган. Сыртта карап турган кызы жардамга чакырып кыйкырган.

Ошол учурда, ошол жерде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери, №2 батальондун №1 ротасынын командиринин орун басары Тынчтыкбек Борбиев сууга чөгүп жаткан адамдарга жардам берүүгө умтулуп, аларга чейин сүзүп барып, жогорудагы көрсөтүлгөн жарандарды куткарып, суу жээгине алып чыккан. Андан соң, 102 кызматына чалып, ыкчам топ чыкырылган. Ыкчам топ келгенче жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ыкчам топ келген соң, жабырланган жарандар эч кимге болгон окуя боюнча арыз дооматы жок экендигин, эч кандай медициналык жардамга муктаж эместигин түшүндүрүшкөн. Куткарылган жарандар милиция кызматкерине ыраазычылык айтышып, ошол жерден эс алган ордуларына тарап кетишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: