Menu

Батукаевдин иши дагы канча адамдын тагдырын талкалайт?

Бөлүшүү:

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгарылып кетишине катышы бар мурдагы жетекчилердин катарын УКМКын мурдагы төрагасы, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиев толуктады. Күнөөсү далилденбесе да, бир да маалымат өз оозунан укпай генерал Кыргызстандан чыгып кеткени айтылды. Муну коомдо түрдүү сындап сыпаттагандар көп. Айрымдар, бир жактуу адилетсиз иликтөөлөрдөн айбыгышууда десе, кай бири камакка калуу алардын жүрөгүнүн үшүн алууда дешүүдө. Батукаев иши бир мамлекеттин бир кездеги баардык жетекчилерин жерге “тебелей” турган абалга алып келди. Батукаев ишине байланыштуу дагы кимдердин кулагы чыгаар экен?

Алманбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты:

– Эки дөөнүн кармашынан Батукаев иши жанданып, далай адамдар курмандыкка чабылып жатат. Бул жерде башка себеп, башка мотив жок. Батукаевдин иши Атамбаевди камаш үчүн гана жандангандай болуп жатат. Салянованы Атамбаевке көрсөтмө алыш үчүн СИЗО-1ге камашты да, муну эми кичинекей бала деле түшүнүп жатат да. Мыйзамды менчик куралга айлантып алуу жакшылыкка алып келбейт. Мыйзам кынтыксыз, баарына бирдей иштегенде гана анын жогорку күчү, аброю жана эл ишеними пайда болот. Жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланганда гана укуктук нигилизм күчөйт. Муну эл, коомчулук түшүнөт, көрөт натыйжада элдин бийликке болгон ишеними сууйт. Бул кынтыксыз иштеп келген аксиома. Тилекке каршы, азыркы кадрлар муну түшүнмөк турсун, кенеп да койгон жок. Азабын өздөрү эле тартат, бирок ортодо өзгөрүүлөрдү күткөн эл да чарчады.

Алга Кылычев, саясатчы: -Батукаевдин иши жөн эле элдин пикирин буруу, чөгүп бараткан мамлекеттик казынадан, бийликтин кара чөнтөгү Раимден, өздөрүнө каршы ой пикирлерди, ушундай ыплас кылмыш иштерин токуп чыгуу менен башка жака бурушууда. Эгер акыйкат кылмыш ишин козгосо ошол кездеги ЖК төрагасы баштаган адамдар да жооп бериши керек болот. Себеби чындап бул иште кылмыш составы болсо, ошол кезде бийликти колдоп отургандар да жооп бериштери кажет. Ал эми Табалдиев боюнча айтсам, ал киши өтө кесипкөй чекист деп билем. Азыркы бийликтин саясий заказ менен мыйзамсыз кылмыш ишин козгогонун түшүнүп, чындык келгиче убактылуу өлкөдөн чыгып кеткендир. Кыргыздар айтмакчы битке өчөшүп көйнөгүн отко салгысы келген жоктур…

Эмил Токтошев, ЖКнын депутаты: – Коргоо Кеңешинин мурдагы жетекчисинин качып кеткенине күбө болдук. Келечекте генерал болом дегендерге жаман көрүнүш көргөздү. Кандай болсо да жашы улгайып калган генерал качпай эле тергөөгө келип болгонун болгондой эле айтып бериш керек эле. Ал эми Батукаевдин иши боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Бизге так маалымат жетпей жатат. Аягына чейин акыйкат каралат деп үмүттөнөм.

Феликс Кулов, саясатчы: – Чынын айтсам, абдан таң калып жатам. Мен ал кишини жакшы билем. Абийирдүү, мыйзамды сыйлаган адам катары таанычумун. Мисалы, ошол эле Өмүрбек Текебаевге маңзат салып коюшкан «Матрешка гейт» боюнча иште өзүн жакшы жагынан көрсөткөн. Ошондуктан, балким ал тергөөдөн жашырбай эле, убакыттын өтүшүн күтүп жатса керек. Азыркы камоолордун толкуну аяктап, эмоциялар бүткөн соң көрсөтмө берет деген ойдомун.

Эмилбек Жороев, профессор: – Бир чети коррупция дейбиз, экинчи жагынан тааныш-билиштиктин фактору. Анын үстүнө мурда жогорку кызматты ээлеген адамга маалымат берип койсо керек. Бул жагынан бир нече маселени ачыкка чыгарат.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: