Кыргызстандын сырткы экспорту чабал. Көптөгөн жер-жемиш жана башка товарларда бир топ тоскоолдуктар, лабораториялык карантин чектөөлөрү да бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Мына ушундай шартта биздин ишкерлер үчүн балмуздакты сыртка чыгаруу маселеси орундуу болуп турганы айтылууда. Кытай бажычыларынын айтуусунда балмуздак КЭР кпассификацияга ылайык тоңдурулган суусундук катары саналат. Экспорттоо маалында ага башка ветеринардык талаптар коюлбайт. Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматы деле балмуздак өндүрүүчүлөр кытай тарапка экспорт жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин айтышууда. Жогорудагы тыюу салынган тоскоолдуктар жок болгонуна карабай, Кытайга экспорттолгон товардын арасында балмуздак жок. Кыргызстан жылына 6 миң тонна балмуздак өндүрөт. Муну ар бир адамга бөлгөндө 1 кг балмуздактан тиет. Андыктан, азырынча өндүрүүчүлөр ички рынок менен гана чектелүүдө.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ