Menu

Борис Жонсон Улуу Британия өкмөтүн жетектейт

Бөлүшүү:

Улуу Британия өкмөтүн Консерваторлор партиясынын  депутаты жана мурдагы тышкы иштер министр Борис Жонсон жетектейт. Жаңы премьер-министр кызматка 24-июлдан тарта киришет.

Жонсон 23-июлдагы консерваторлордун шайлоосунда 90 миңден ашуун партия мүчөсүнүн добушун алды. Анын жападан жалгыз атаандашы, Британиянын азыркы тышкы иштер министри Жереми Хантты 40 миңден ашуун киши колдоду.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин партия лидери Борис Жонсон азыркы өкмөт башчы Тереза Мэйге аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биз Брекзитти өткөрүп, кайрадан өзүбүзгө ишенебиз! Биз өлкөбүздү бириктиребиз!” – деди Борис Жонсон.

Борис Жонсон Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышын кубаттайт.

Буга чейинки Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте “Брекзит” келишимине байланыштуу бир канча жолу колдоо таба албай, ушул жылдын июнь айында кызматтан расмий кеткен, бирок кийинкиси келгенге чейин өзүнө тагылган милдетти аткарып турган.

Британия Европа Биримдигинен чыгуу үчүн мындан үч жыл мурун “Брекзит” жараянын баштаган, бирок бүгүнкү күнгө чейин Брюссель менен орток пикир таппай келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: