Menu

Калдыктарды сактоочу жайга жогорку сапаттагы материалдар төшөлүүдө

Бөлүшүү:

Талас облусундагы Жерүй кенинде калдыктарды сактоочу жайдын курулуш иштери көрсөтүлгөн бардык талаптарга ылайык жүрүүдө. Экономика экономикасы менен бирок экология биринчи орунда демекчи, экологиялык маселелерге куруп жаткан компания кылдаттык менен көңүл бурууда. Курулушка акыркы үлгүдөгү геомембраналык материал колдонулуп, төшөө иштери ийгиликтүү уланып жатат. Бүгүнкү күндө фабриканын комплексинде 15тен ашык курулуш иштери жүрүп жатат. Алар: ар кандай складдар, металлды ээритүүчү, калдыктарды сактоочу, суу бөлүштүрүүчү жайлар, насостук станциялар, электр менен камсыздоочу станциялар, көзөмөл-өткөрмө пункттар. Негизги ортомчу (подрядчик) катары «ТOO AAEngineering Grouop» курулуш ишканасы иш алып барууда. Процесске «Баден Сервис», «Электросила», «Мехколонна КЭСС» ЖЧКлары да катышууда. Курулушта алтыдан ашык ишкана иштеп жатат. Баса белгилеп кетчү жагдай курулуш иштеринде иштеп жаткан жумушчулардын 95 пайызы Кыргызстандын жарандары. Ал эми 95 пайыздын ичинен 44 пайызы Талас облусунун, тагыраагы жергиликтүү тургундар. Бул статистика, калдык сактоочу жайдагы колдонулуп жаткан заманбап жана сапаттуу материалдар, 4 этаптан турган коргоо буга чейин айтылып, жазылып келген нааразычылыктарга жооп десек жаңылышпайбыз. Себеби буга чейин жергиликтүүлөр жумушка алынбай, талаптар аткарылбай жатат, экологиялык шарттар сакталбай, экология бузулууда деген сөздөр байма-бай айтыльш келген. Жогорудагы келтирилген далилдүү статистика менен ал кептерге чекит коюлчудай.

Курулуш иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн 63 даана курулуш техникасы тартылган. Курулуштун жүрүшүн, экологиялык коопсуздукту тажрыйбалуу, жогорку квалификациялуу адистерден турган топ көзөмөлдөйт. Ал эми архитектуралык жагынан алсак, курулуш иштери Талас облустук мамлекеттик архитектура жана башка түзүмдөр менен бекитилген долбоордук документацияга ылайык жүргүзүлүүдө. Долбоордук документация экологиялык экспертизадан, өндүрүштүк коопсуздук экспертизасынан, өрткө каршы күрөшүү экспертизасынан жана Мамкурулуштун экспертизасынан өткөн. Комплекстин курулушунун бюджети 272,9 млн долларды түзөт. Инвестициялардын жалпы көлөмү — 596,3 млн доллар.

18-июль күнү Жерүйгө жакын аймакта жайгашкан Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын депутаттарынан турган топ, кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы жасалып жаткан иштер менен жакындан таанышуу үчүн келишти. Жергиликтүү депутаттардын талабы толугу менен канааттандырылып, геомембраналык материалды төшөө иштери кандай жүрүп жатканын өз көздөрү менен көрүштү. Депутаттар: “Биз  курулуш иштери жүрүп жаткан жерге бардык айыл тургундарын алып келип көрсөтө албайбыз да. Өзүбүз толук маалымат алып, анан ал так маалыматты элге айтып, коопсуздук боюнча суроолоруна жооп берип жатабыз” – дешти. Келген депутаттарга «ТОО AAEngineering Grouop» курулуш ишканасынын башкы инженери Айзада Мамбеткул кызы: “Калдыктарды сактоочу жайга жогорку сапаттагы материалдар төшөлүүдө. Россиядан алынып келинген гоетекстил жана Австриядан келген геомембрана. Бул калдык сактоочу жайдагы өзгөчөлүгү кургак калдыктар үчүн геотекстил төшөлөт. Калдык сактоочу жайга 4 этаптан турган коргоо жабдыктарын колдондук. Биринчи эле 50 см топурак төшөлөт. Анын үстүнө геотекстил капталат. Геотекстилиндин үстүнө геомембрана төшөлөт. Геомембрананын үстүнө кайрадан геотекстил каптап, андан соң кайра топурак менен төшөлөт. Астындагы төшөлгөн топурак менен үстүнкү кабаттагы топурак гоетекстилди таш тешип кетпеши үчүн коопсуздук чарасы катары төшөлгөн болсо, Геотекстил дагы геомембрананын астынан жана үстүнөн ар кандай жыртылып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн төшөлүүдө” – деди ал. Компаниянын башкы технологу Нурлан Мамырбаев келген депутаттарды калдык сактагыч жайдын курулушу менен тааныштырып, кен экологиялык коопсуздук үчүн жаңы технологиялар менен жабдылып жатканын билдирди. Нурлан Мамырбаев: «Албетте, биз билбеген, түшүнбөгөн нерселер ар дайым ар бирибизде эле коркунуч, кооптонууларды жаратат. Баса белгилей кетчү нерсе, бул завод жана калдыктарды сактоочу жайдын коопсуздук чаралары европалык жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык эң жогорку деңгээлде иштелип чыккан. Курулуш этабы менен жеринен көргөзүп тааныштырып жатабыз” – деди ал. КРнын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас облусундагы жетекчиси Болот Кадырбековдун айтымында: “Жерүй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан долбоор иштелип чыгып, биздин мамлекеттик агенттиктен экологиялык экспертизадан өткөн. Оң корутунду алынган. Ал жерде барган максатыбыз элге, алтын иштетүүчү заводдун жана калдыктарды иштетүүчү жайлардын курулушу этабы менен тааныштырып, маалымат берүү болчу” – деди ал. “Альянс Алтын” компаниясынын башкы директору Михаил Шубин: “Бүгүн биз айылдык кеңештин депутаттарын, Талас районунун акимин, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарын чакырып олтурабыз. Иш-чаранын максаты, калдык сактоочу жайда жасалып жаткан курулушту көрсөтүү болду. Адистерибиз берилген суроолорго жооп беришти. Калдык сактоочу жайга атайын геомембрана материалы төшөлүүдө. Ал адистердин айтымында 200 жылга чыдамдуу материал. Бул кендин орду кийин дагы коопсуз жай бойдон калат. Учурда бул ишти башкы ортомчу (подрядчик) катары «ТОО ААЕngineering Grouop» курулуш ишканасы иш алып барууда”- деди ал.

Чындыгында жасап жаткан ишиң, көрсөтүп жаткан кызматың ак жана так болсо, эртең жүзүң жарык болот. Кен иштетүү оңой иш эмес. Иштетип жаткан компантя да экологиялык жактан баарын карап чыгып, таразага салып андан соң ишти баштады да. Башталган иш аягына чыгышы керек.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: