Menu

Видео – Алмаз Атамбаев: “Москвага бүгүн, саат 12:30да Канттан учуп жатам, эртең кечки саат 7де кайра учуп келем”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июлда Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн автоунаалар менен чыгып, Кант шаарындагы Россиянын аскердик базасын көздөй багыт алды.
Автоунааларга олтурардын алдында Атамбаев журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.
“Алдын-ала түзүлгөн план боюнча мен Канттан Москвага бүгүн саат 11де учмак элем, эми саат 12:30да учмак болдук. Майда бут тосуулар болду… Мен уча турган самолет жеке менчик да эмес, аскердик да самолет эмес. Мен учкандан кийин Кундуз Жолдубаева силерге самолет боюнча маалымат берет. Эртең кечинде саат 7де кайра “Кант” аскердик базасына учуп келебиз. Москвага сапарымдын максатын айта албайм. Мурун чакырышканда барбайм деп жүрчү элем, бул жолу барууга туура келди. “Манас” аэропорту менен уча албаганымдын себеби баарына эле түшунүктүү болсо керек. Азыр Кыргызстанда бийлик эч кандай мыйзам дегенди сыйлабайт, Конституция дегенди сыйлабайт. Каалаганын жасап жатат”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: