Menu

ФБР: Кремль АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Орусия 2020-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу АКШ Сенатынын Сот комитетинде Федералдык иликтөө бюросунун директору Кристофер Рэй билдирди.

Рэйдин айтымында, 2016-жылдагы сценарийдин алдын алуу үчүн санкция жана башка чаралар киргизилгенине карабай, Москванын токтой турган түрү жок. Атайын прокурор Роберт Мюллердин эки жылдык иликтөөсүндө Орусия социалдык түйүндөрдө пропагандалык кампанияларды жүргүзүп, жалган маалыматтарды таратып, америкалык шайлоочулардын тандоосуна таасир этүүгө аракет кылганы аныкталган. Мюллердин иликтөөсү менен орусиялык 25 жаранга жана үч компанияга айып тагылган. Вашингтон шайлоого кийлигишүүгө тиешеси бар делген орусиялык жарандарга жана аскердик чалгындоо кызматкерлерине санкция киргизген.

Рэй Сенат комитетинде мурдагы башкы прокурор Мюллердин Конгрессте ачык көрсөтмө берерине бир күн калганда сөз сүйлөдү. Мюллердин иликтөөсүндө Орусия шайлоо кампаниясы учурунда Дональд Трампка жардам берүүгө аракет жасаганы, бирок президенттин түздөн-түз катышы жок экени белгиленген.

Рэйдин билдирүүсүнөн кийин Сенаттагы демократтар шайлоодо коопсуздукту камсыздоо чаралары толук көрүлбөгөнү үчүн республикалык көпчүлүктүн лидери Митч Макконнеллди сындашты. Макконнелл өткөн жылы шайлоодогу коопсуздукту камсыздоого жетиштүү каражат бөлүнгөнүн, кошумча чараларга зарылдык жок экенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: