Menu

ӨКМ эскертет: 26-29-июль күндөрү күндүн ысыгы 40°ка чейин көтөрүлөт

Бөлүшүү:

26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

27-29-июлдарда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40°ка чейин жогорулайт.
25-29-июлдарда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы
25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
26-июлда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-июлда күндүз жана 27 июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
28-29-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
30-31-июлдарда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу
30-31-июлдарда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: