Menu

Абжапаров акчанын азабынан кеттиби?

Бөлүшүү:

Салык кызматын 2018-жылдын май айынан бери Теңиз Абжапаров башкарып келген. Ал ага чейин Социалдык фонддо көп жыл иштеди. 2002-жылы аталган фонддо башкармалыктын башчысы болгон. 2009-2016-жылдары төраганын орун басары, биринчи орун басар, 2016-2018-жылдары төрага болуп турду. Социалдык фондду такыр союп жайлап жибербесе да, орто деңгээлде иш алып барып келди. Ал эми бир жыл эки айдан бери Салык кызматында иштеп салык чогултуу саясатынан кыйналды. Көп кемчиликтер, нааразычылыктар да айтылды. Бийлик да капчыгы кампайдыбы бир топ карайлады. Ошондон уламбы, айтор Абжапаровго буйрук берилгенби, же өзү бийликке жагынайын дедиби, кыскасы ал салыкка көп каражат төккөн мекемелерди, компаниялардын бир тобунун салык каражатын ушул жылдын этегине чейин алдына -ала чогултуп алып койгон деген кеп кетти. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегеңдей бул сөздөрдүн деле аныгы тез эле ачыкталып каларынан шек жок.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: