Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Айлык маяналарды жогорулатуу – бул Өкмөттүн жоопкерчилиги

Бөлүшүү:

Айлык маяналарды жогорулатуу – бул Өкмөттүн жоопкерчилиги, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында.

Премьер-министрдин айтымында, 2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык маянасы 30%га жогорулады. Мамлекеттик кадр кызматынын айлык маянасы көтөрүлдү. Спорт машыктыруучуларынын эмгек акысы 50%га жогорулады. 1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы, 1-октябрдан тартып пенсиялар көтөрүлөт.

«Президент тарабынан 2 жыл катары менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланышы региондордун өнүгүшүнө жакшы түрткү болду. Жаштар арасында патриоттуулук сезимдери менен кичи мекендерине жардам берүү демилгелери да көбөйүп бара жатат.  2019-жылы региондордогу бизнес-долбоорлорду колдоо жана жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында мамлекеттик бюджетте 2 млрд сом каражаттар каралган. Учурда приоритеттүү бизнес-долбоорлорду тандап алуу, механизмдерин иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия бекитилди. Аймактарда ишкердикти тейлөөчү борборлор ачылды. Жергиликтүү ишканалардын жана жарандардын жеке демилгесин баса белгилеп кетким келет.  Алар аймактардын экономикасына 6,3 млрд сом каражат салып, 9 миңден ашык туруктуу жумушчу орундарын түздү», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле санариптештирүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолуп, прогресс жана модернизация – маалыматтык технологияларсыз мүмкүн эместигин белгиледи.

«Мамлекеттин келечеги дүйнөлүк санариптештирүү желесинен көз каранды экендигин унутпашыбыз керек. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 6 мамлекеттик компания иштеп баштады, алар: «Түндүк», «IТ-ГНС», «Транском», «Инфосистема» «Укук», «Соцсервис». 2018-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын июнь айына чейин ведомстволор аралык «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 4,5 млн маалымат алмашуу болгон. Бул мамлекеттик органдардын бири-бири менен кызматташуусунун ыкчамдыгын жогорулатты. Мисалы, бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулду берүүнүн механизмдери жөнөкөйлөштүрүлдү. Мамлекеттик органдар жана коммерциялык банктар менен маалымат алмашып, жөлөкпулду 2-3 күндүн ичинде алууну камсыз кыла баштады.

Санариптештирүү мамлекеттик сатып алууларга да таасири күчтүү болууда. Тендер өткөрүүдө «Салыктары боюнча карызы жок» деген справка тендерге катышкандардан суралбай калды. Июнь айынын ичинде Салык кызматынан 45 360 справканы электрондук түрдө алган. Демек, бизнеске справканы алууга кеткен убактысын үнөмдөп калууга жардам берди. «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү аркылуу жол-транспорт кырсыктары видеокамералар орнотулган жерлерде 61%га, жаракат алгандардын саны 59%га азайды. Азыр долбоордун экинчи этабы башталды. Айыппулдардан түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн тез жардам системасын жакшыртууга жумшоо жөнүндө токтом кабыл алынды. 35 млн сом каражатты бөлүп берүү пландалууда», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын маалыматында, салык процедураларын фискалдаштыруу программасын ишке ашыруунун алкагында республика боюнча электрондук патент, салык төлөөчүлөр үчүн электрондук отчет киргизилип, электрондук эсеп-фактуралар пилоттук режимде иштеп баштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: