Жаңы эреже боюнча Россияга баратканда нормадан көп мөмө-жемиш же жашылча бажы көзөмөлүнөн өтө албай турган болду. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазып чыгышты. 19-августтан тарта Россияга мөмө-жемиш, жашылча жана гүл алып кирүү үчүн жаңы эреже иштеп баштайт. Маалыматтарда: башка өлкөдөн бараткан жарандар беш килограммдан ашпаган мөмө-жемиш жана жашылча, үчтөн көп эмес букет гүл, ал букеттин гүлү же жалбырагы 15ке чейин болушу шарт деп айтылат. Көп өлчөмдө жүк алып киргендер чек арадан фитосанитардык сертификат алып алышы зарыл болот. Талап кылынган документ жок болсо жүк артка кайтарылып же ошол жерде жок кылынат. Бул тизмеге курма, инжир, ананас, авокадо, гуава, манго, мангустин, ошондой эле өрүк, алча, гилас, шабдалы, кара өрүк жана цитрус өсүмдүктөрү кирген. Ал эми буурчак, жаңгак, томат, капустанын ар кандай түрлөрү, сабиз, шалгам, чамгыр, бадыраң, пияз жана кулпунайга чектөө коюлган. Жаңы эрежелер суу, аба, темир жол жана автоунаа транспортторунун баарына тиешелүү экени айтылат. Ушундай эле чектөөлөр почта аркылуу жиберилген жүктөргө да коюлган.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ